Куудул Жакут Сыдыков тез арада кантип байыганын айтты…

Куудул Жакут Сыдыков сахнада элди күлдургөн далай интермедияларды аткарып, кээде ырдап да жүрөт. Ал бүгүн фейсбук баракчасына өзүнүн тез арада кантип байыганын айтып, эми материалдык жактан эч кимге көз карандысызмын деген негизде пост жазды.

Жакут мырзанын жазганын өзгөртүүсүз беребиз:

“Мен сахнада жүргөнүмө он сегиз жыл болду. Кыргыз элиме куудул катары таанылганым менен, кичинемден ыр жазып,обон жаратып келем. Бирок канчалаган ырларымды элге жеткире албай, үйүмө камап келем. Дагы канчалаган ырларымды, кыргыз эстрада ырчылары аткарып жүргөнүн билсеңиздер керек. Эмнеге ырларыңды өзүң ырдабайсың деп көп сурашат эле. Анын себептери, сахнада сайраганым менен, жашоодогу тартынчаактыгым себеп болуп, спонсор көздөн уччу эле. Өзүмдүн тапканым баарына бирдей жетпейт эле. Эми баары өзгөрдү. Эми мен өзүмө, өзүм спонсор боло алам буйурса. Чыгармачылыгымдагы чооң өзгөрүүлөрдү быйыл байкай аласыздар. Кудайдын каалоосу менен 2018-жылдын,1-декабрында бир компаниясынын босогосун аттап,тез арада чооң жетишкенге жеттим. Эми менин өз командам бар. Курамында ырчы, куудул,бийчи жана биздин күйөөрмандар бар. Баса алгачкы айлыгымды да кечээ эле алдым. Тапканбыз жакшылыка буйурсун. Баарыңарды командама кошулууга чакырам. Ар жума сайын мынча көп айлык алуу, жашообузду толук өзгөртөт. Келгиле бирге иштейли. Ийгилигибиз бирге болсун. Менин сыймыктанганым, компания Кыргызстандыкы. Алга Кыргызстан.. Биз эми дүйнөнү багындырабыз. Биздин жылдыздуу командага кошулгула. Азырынча биздин команда, Россия жана Түркияга кол сундук. Эми биз бүт дүйнө менен биригебиз” деп жазды.

Жакут мырза бул компаниядан кантип байыш керектигин билүү үчүн байланыш телефондору менен да тең бөлүшкөн экен.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу