Куудул Гүлжайна Атаканова арыктап сүйүнсө, ушакка айланып күйүнгөн…

Жагымдуусу: Бул жылы мен бизнес-ледилердин катарына кошулдум. Бизнес жаатындагы бир компанияга кирип, дароо эле ири суммадагы акчалуу болдум. Тырышып иштегеним бааланып, жетекчи Египетке он күндүк жолдомо ыйгарды. Он күн беш жылдыздуу мейманканада эс алуу, ичкен- жегенимден тышкары он күндүк кийимим да алардын эсебинен болгону турат. Буюрса, январь айында эс алууга кетем. Дагы бир кубанганым — он жылдан бери такыр арыктай албай жүргөм. Быйыл болсо диета кармабай, бычак тийгизбей, каалашымча ичип-жеп, бирок, 13 килограммга арыктадым. Жагымсызы: 2018-жылдын ортосунда мен жөнүндө ушак таратып жүргөн баланы уккам. Жалган маалымат таратканына жиним келип ошол баланы таап туруп сабап салгам. Ал менин үстүмдөн арыз жазып, мени Ички иштер бөлүмүнө чакырышты. Мына ошол жерде отурганым мага жагымсыз болду.

БУЛАК:Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу