Куудул БорончуКудайбергенов: Саясатты сүйлөбөгөн концертке эл көп келбейт экен

“Марал”радиосунун “Радио желе” программасынын коногу куудул,ырчы,актёр Борончу Кудайбергенов менен “Айымдардын табияты мырзаларды эмнеси менен таң калтырат”-деген теманын алкагында кызыктуу маек болуп өттү.

Кош келиптирсиз, Борончу мырза! Бүгүнкү биздин темабыз сизге жакын болсо керек?

-Рахмат! Жалпы кыргыз элине салам айтуу менен бирге жалпы кармаган орозоңуздар кабыл болсун!Негизи мен жашоомдо  ойлонуп көрдүм  бир китепти улам-улам окусаң  аны жаттап калышың мүмкүн. Ал эми айымдарды окуп түшүнүп жетүүгө мүмкүн эмес. Өмүр бою изилдеп өтө турган абдан татаал илим.

-Сиздин акыркы коюп жаткан концерттериңизде да аялдар темасына көп кайрылып жаткандайсыз? Буга эмне түрткү болду?

-Азыркы тапта мен өзүмдү кайрадан жаңы чыгып келе жаткан таланттарга окшоштурам. Себеби, мен өзүмө жаңы багытты тандап алдым. Бирок, жаңы багытта концерт койгон менен, элдерди көндүрө албай жатабыз. Анткени биз элге саясат тематикасында концерт коё берип, элди ошого көндүрүп алыптырбыз.

-Саясатты сындабаган концерттерге эл көп келбейт бекен?  

-Ооба, мен азыр саясаты жок концерт коюп жүрөм. Тагыраак айтканда, мен «стендап» жана сүйлөө жанрын тандагам. Ар бир «стендап» аягында тарбиялык мааниси менен, адамдарды жакшы жакка үгүттөгөн болушу зарыл. Мисалы, Казакстанда Турсынбек Кабатов деген жигит бар. Ал эки саат бою өзү жалгыз сүйлөп, концерт коёт. Элди тарбиялаган темаларды тандайт. Мен да ушул багытты тандап, эки саат бою өзүм сүйлөп, жакында эле түштүккө “ Менин аялым кабыргабы”аттуу концерт коюп  кыдырып келдим. Анда аялдардын табиятын туура түшүнүү, үй-бүлөлүк ынтымакты сактоо сыяктуу темаларга токтолгом. Бирок, менин мурдагы саясий темадагы концерттериме караганда эл аз кирди. Мен ойлоп калдым андан көрө саясий темада койсом эл көп келмек экен деп.

-Бирок бизде стендап жанры сиздер жаңы чыгып келе жаткан учурда деле бар эмес беле?

-Ал кезде толук стендап жанры менен концерт бербейт элек. Бир беш-он мүнөт сүйлөгөн соң, кайрадан интермедия кетчү. Эл ошого көнүп алган экен. Айрыкча кесиптештерим да саясат тууралуу концерт бере берип бул элди чарчатып койгонсуду. Жадагалса мен үчүн да саясатты сүйлөгөн сайын оор атмосфера пайда боло баштады. Ошондуктан элди саясаттан алыстатып, тарбиялуу маанидеги концерттерге көңүлүн бурдургум келди. 

-Анда айымдар тууралуу концерт коюп, алардын табиятын бир аз болсо да түшүндүңүзбү ?

-Мен эң биринчи үйлөнө элек жигиттерге кеңеш берет элем. Аял алып аны башкарып алам деген оюңар болсо жаңылышасыңар. Аял кабыргадан жаралган дейбиз ээ. Демек, кабырга башынан эле түзүлүшү ийри болот. Анан табиятынан ийри болгон кабырганы түздөйм деген ой такыр туура эмес. Түздөйм десең сынып калат. Аны кандай болсо ошондой кабыл алып эле, ынтымакта жашай берген оң. 

-Теманы улай суроо, тажаал аялдарды эркектер өзү пайда кылабы же табиятынан тажаал аялдар да барбы?

-Тамаша иретинде жооп берейин, негизи аял заты күнүнө 35 миң сөз сүйлөйт экен. Эркектер болсо 10 миң сөз. Эми элестетип көргүлө, күн сайын аялыңа убакыт бөлүп, аны менен баарлашпасаң, төрт беш күндө эле 35 000 сөздүн беш эсеси жыйналат. Анын баарын бир күндө сүйлөп салганда, эркектер анан аялдарды тажаал деп киребиз. Негизгиси ар дайым үй-бүлөңө, жубайыңа убагында көңүл бөлүп турган жакшы. 

-Борончу мырза айтсаңыз азыркы көрөрмандар менен мурунку көрөрмандардын айырмасы барбы?

-Албетте бар. Анткени азыр замандын,техниканын өсүшү дүйнө жүзүндөгү маалыматтар менен таанышып,көрүп анан салыштыруу пайда болду. Элдер баарын байкап турат. Мурун биз өзүбүздүн идеябыз менен гана концерт койчубуз. Азыр тажрыйба алмашуу да көп болуп жатат. 

-Атаандаштык маселеси кандай болуп жатат азыркы учурда?

-Биздин шоу-бизнес жагы чындыгында коңшу өлкөлөрдөн артта келе жатат. Буга бир чети акча каражаттын тартыштыгы, экинчиси биз өзүбүз жалкоо болуп кеттик. Жаңычылдыкка умтулбай калдык, муну моюнга алыш керек. Мындан улам биздин эл да коңшу өлкөнүн куудулдарын көрүп кетти. Бирок ошол эле убакта элдин санынын көптүгү да чоң таасир болот. Мисалы Казакстандагы белгилүү куудулдар он миңдеген адам бата турган залда концерт берип жүрүшөт. Демек, ошого жараша акча да түшөт. 

Булакк:Маралфм

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу