Куудулдар коалициясы тарады: Рахман Раззыков менен Тынар Курбаналиев ажырашты!

“Куудулдар” коалициясы тарады. Бул маалымат тууралуу, “Куудалдар” коалициясынын лидери Рахман Раззыков билдирди.

—Рахман мырза, “куудулдар тарады”, деп уктук чынбы?

—Туура, Тынар Курбаналиев топтон чыгып кетти. Куудулдар коалициясы тарадык…

—Эмне үчүн тарап кеттиңиздер?

—Биз ар дайым эл алдында жүрөбүз. “Жогорку Кеңеш мына тарайт, эртең тарайт”, деп айтышып жатпайбы? Биз депутаттарга үлгү болсун деп, бир күндө шар эле таркап кеттик. Кыскасын айтканда тарадык.

—Учурда концертке даярдык көрүп жатасызбы?

—Ооба уулум Каныбектин сахнага аралашканына 15 жыл болду.  Ош шаарында буюрса 5- 9-майга чейин, “Атам байып кетсин” деген аталыштагы концертке кызуу даярдык көрүп жатабыз..

—Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу