Курултайда Өмүрбек Бабанов «Атамбаевчесинен» аралаштырып таксистерге рахмат айтты

Бүгүн, 1-июлда «Республика Ата-Журт» партиясынын Курултайы өтүп жатат. Сөз президенттике талапкер Өмүрбек Бабановго берилип ал өзү жүрөктөн чыккан эмес, даяр текстти орусча-кыргызча аралаштырып окуп баштады.Айтымында бешке жакын программасын беш манжасы менен санап берди. Кыскасы билим менен кошо бизнеси да бар экен. Өзун олуттуу көрсөткөн Өмүке Кыргызстанды дүйнө жүзү сыймыктана турган мамлекет кыла тургандыгын айтты. «Экономиканы көтөрүүнүн алтын булагы- жерибиз»-деп атып эле таксистерге  өтүп кетти. Таксистерге чет элдиктерге кичипейилдик кылганы үчүн «рахмат» айтып жиберди. Бул мындай караганда «Атамбаевчесинен» дегендейда. Балдарыбыз мыкты мектептерде окусун дейт. Өзү бир мектеп салып бердиби?

Кыскасы даярдалган текст менен Өмүкебиз катардагы лапшаларын илип жатат… Мактанууда…25 жылдан бери майлуу бийликте отурган Өмүке айткандарынын бирин кылган эмес. Эшек такаладыбы? Эгер кыргыз эли Бабановду президент кылып шайласа, элине болгон күчүн аябайбыз деди. Андан сырткары өзүн-өзү президенттикке талапкер катары көрсөттү. «Ар бир кыргызстандык бай жашайт»-деп кыргыз элине кайрылып, мындай мүмкүнчүлүк бир жолу келет, баарыбыз Кыргызстанды көтөрөлү дегендей кылды.

Булак:  Назарньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу