Курт жеген тиштер өлүмгө себеп болобу?

Тиш доктур Зафер Казак өзгөчө тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдарды жана жүрөгүндө кемтиги болгон чоңдорду тиш оорусунан этият болууга чакырат. Тагыраак айтканда, курт жеген тиштерде жана тиш сынып канаган учурда, андагы инфекциялар жүрөктүн кан тамырлары аркылуу келип, жүрөктүн айланасында инфекциялар топтолуп, жүрөк оорусу күчөшү мүмкүндүгүн эскертет.

Зафер Казак тубаса жүрөк оорусу менен ооруган жана жүрөгүндө кемтиги барларды курт жеген тиштерин тазалоодо алгач антибиотик каражаттарды колдонгондугу жакшы экендигин кошумчалап өттү.

Жалпы эле эндокардитке (жүрөк сезгенүүсү) чалдыккандарды эт жана тиш ооруларын өз убагында доктурга кайрылып, дарыланып турууга чакырып өттү.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу