Курсан Асанов ИИМ орун басары: «Реформа, заманга жана анын талабына жараша өзгөрүп турган узак процесс»

-Курсан Сатарович, биринчиден юридика илимдеринин кандидаттыгын ийгиликтүү жакташыңыз менен куттуктайм. Эмне үчүн илимдин кандидаттыгын жактоого белсендиңиз жана канча убакыт талап кылынды?

-Рахмат, менде  юридика илимдеринин кандидаттыгын жактайын деген ой мурун эле бар болчу, бирок 2013-жылы гана аны жазып баштаганга мүмкүнчүлүк пайда болду. Андан бери кандидаттык ишти жазуу учурунда ар кайсы илимий чыгармаларга өзүмдүн темам боюнча ондогон макала жазып чыгарган болчумун. Учурдан пайдаланып, жакындан жардам берген мугалим эжейлерге, илимий кызматкерлерге ыраазычылык билдирип кетким келет.

-Темаңызда «улуттар аралык чыр-чатактардагы кылмыштардын алдын алуу» тууралуу маселе козголуптур. Муну иш-практикаңызда колдонуп көрдүңүз беле?

-Албетте, башынан айтып баштасам, мен Кара-Суу райондук ИИБде жетекчи болуп турган убакта, революциядан кийин, март айында жер талашуу, ар кандай башаламандык, митингдер, буюртма адам өлтүрүүлөр, айрыкча 2005-жылдын 13-майында Анжиян окуясы болуп өткөнү жалпыбызга маалым. Андан соң, 2010-жылдагы каргашалуу “Июнь коогалаңы” же “улуттар аралык кагылыш” болуп, анын айынан канчалаган бейкүнөө, жөнөкөй жарандар жана кесиптештерибиз курман болушкан.

2011-12-жж Баткендеги чек ара маселесине байланышкан эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатактардын айынан куралдуу кагылышуулар да орун алган. Мындан сырткары дагы, Лейлек районунун Андарак айылында, Ала-Бука районунда болгон эки улуттун ортосундагы чыр-чатактар, Нарын облусундагы кыргыз жана дунган улутундагы айдоочулардын ортосундагы чыр-чатактар, жол тосуулар, облустук  имараттарды басып алуулар, он миңдеген адамдардын катышуусундагы митингдер болуп, кырдаал курчуп, окуя күтүлбөгөн жагына ооп кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлүп калган.

Жогоруда айтылган улуттар аралык кагылыштарга, чыр-чатактарга, өзүм түздөн-түз катышып, кырдаалды толук көзөмөлгө алып, аларды андан ары курчутпоого бардык чараларды көрүп, ИИОнун жана башка күч түзүмдөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын натыйжалуу пайдаланып, жергиликтүү бийликтер менен биргеликте туруктуулукту, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга толук жетишкенбиз. Ошол убактардагы кырдаалды кийин талдап, кийинки муундарга мындай кырдаал учурунда жеңилдиктер болуусу үчүн илимий-практикалык жактан жардам катарында ушул темага илимий иш жүргүзүүнү туура көрдүм. Диссертациялык изилдөөнүн илимий жаңылыгы – диссертацияда КРнын улуттар аралык жаңжалдарды алдын алуу көйгөйлөрүнө биринчилерден болуп жасалган комплекстүү жана өз алдынча изилдөөлөр камтылгандыгында турат. Албетте, кээ бир кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок келечекте алар боюнча да өзүнчө изилдөөлөр жүргүзүлүп, толукталат деп ойлойм.

-Белоруссия мамлекетинде иш-сапарда болуп келдиңиз, сапарыңыз эмне максатты көздөдү жана эмне иштер жасалды?

-2017-жылдын 4-мартында Белоруссия мамлекетинин ИИМнин 100 жылдык мааракеси болуп, ал жерге 16 мамлекеттин Ички иштер министрлери жана анын орун басарлары катыштык, иш-чара өтө жогорку деңгээлде өттү.

Бирок ал жерден мен бизде жүрүп жаткан реформанын алкагында алардын ИИМдин жетекчилиги менен пикир алышып, Академиясына барып окуу процессин изилдеп, таанышып чыктым. Учурда ИИМдин академиясына өзгөчө статус берилип, б.а. бардык укук коргоо органдарына кадрлар даярдалып, жылына 6300дөй курсант жана угуучулар аякташат экен. Окуу менен практика тыгыз байланышта болуп, башкы башкармалыктардын жетекчиликтери, ардагерлери дагы атайын программа боюнча курсанттарга жана угуучуларга лекция окушуп, курсанттардын билим алуусу жакшы жолго коюлуптур. Академиянын өзгөчөлүгү: — Бардык укук коргоо органдарына кызматкерлерди даярдайт;

-Бүтүрүүчүлөргө үч тараптуу келишим түзүлөт, алар – академия, иштей турган аймактык ички иштер органы жана Ички иштер министрлиги;

-Академиянын бүтүрүүчүлөрү окууну бүткөндө иштей турган жеринин ыкчам кырдаалы, аймактык өзгөчөлүгү, ал жердин көйгөйлөрү, ар тараптуу жагдайлары боюнча маалыматка ээ болушат жана окутулат;

-Академияда билим берүү бюджет жана  контракт негизинде жүргүзүлүп, контракт академиянын атайын эсебине түшүп, ал жерде эмгектенген мугалимдерге бөлүнүп берилгендиктен, алардын алган маянасы башка окуу жайларда иштегендерден кыйла жогору турат. Мындай жагдайда илимий наамы бар мугалимдерди тартууга шарт түзүлүп, академиянын илимий потенциалы башка окуу жайлардан жогору экендиги байкалат. Буга кошумча, криминалистика жана башка прикладдык илимдер боюнча мугалимдери өздөрүнүн чыгармачыл патенттерге ээ. Жалпысынан айтканда академияда окуу контракт түрүндө, бирок курсанттардын контрагын, кийим-кечесин, жашоо жайын өкмөт өзүнө алып шарт түзүп окутуп алат. Эгерде курсант окуу жайды бүтүп ИИОдо иштебей кетсе, анда алдын ала түзүлгөн келишим боюнча өкмөткө акчасын кайтарып берүүгө мажбур болот.

Белгилей кетчү нерсе, 3-март КРнын Мамлекеттик туу күнү болгондуктан, Белоруссиядагы Кыргызстандын элчилигине барып, Элчи Өмүралиев Кубанычбек Касымович менен жолугушуу болуп, КРнын желегин көтөрүү аземине катыштым.

-Дагы  кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?

-Ал жакта ИИМдин тармагынан Тергөө башкармалыгы  жана эксперт-криминалистика борбору өз алдынча кызмат болуп бөлүнүп кетиптир. Бул менин жеке оюмда жер-жерлерде кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, өз ара байланышта кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылык жаратышы мүмкүн.

-Адис катары айтсаңыз, бүгүн ИИМде реформа жел аргысы кандай жүрүүдө?

-2013-жылдын 21-январында КРнын Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” бекитилип, укук коргоо органдарын реформалоо каралган. 2013-жылдын 1-апрелинде КРнын ИИМи тарабынан № 257 буйрукка кол коюлду, аталган буйрукка ылайык, КРнын ИИОну реформалоонун алгылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Б.а. алгачкы кадам башталды десем болот. Бүгүнкү күндө биз тараптан жасалып жаткан реформа 3-реформа болуп эсептелет. ИИОну реформалоонун башкы максаты –коом тарабынан ишенимге ээ болгон, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун натыйжалуу тутумун түзүү. Өзүңүздөр билгендей, реформалоо боюнча чаралар негизги үч багыттан, 12 секциядан туруп, кийин өзгөрүүгө учураган.

Тактап айтсак, «Сотко чейинки тездетилген өндүрүш», «Милициянын ишмердигине жарандык көзөмөл”, «ИИОнун ишмердигин баалоонун жаңы критерийлери», «Кадр иштерин жакшыртуу» (ачык сынак тандоо, кадрларды аттестациялоо ж.б.);“Кызматкерлердин кызмат өтөө шарттарын жана социалдык коргонуусун жакшыртуу” ишке киргизилип, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган жана алынууда. Реформанын негизги көзгө көрүнө турган, элибиз чыныгы реформаны сезе турган 2 секция болучу, алар — Коопсуз шаар жана Электрондук КУП (ККК). Тилекке каршы, объективдүү жана субъективдүү себептерден улам бул эки долбоор азырынча иш жүзүнө ашпай турат. Бирок, бул учурдун талабы, бул долбоорлор ишке ашырылса элдин милицияга болгон ишеними бир топ жогорулайт.

-Өткөн жылы күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча өлкө башчысынын Жарлыгы чыкты. Анын негизинде учурда ИИОдо кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

2015-жылдан тартып ИИОну реформалоо иши министрдин буйругу менен Башкы штабдын ИИОнун тутумун реформалоо башкармалыгына берилип, көбүнчө оптимизация иштери менен чектелип калганбыз. Айта кетчүү нерсе оптимизация процесси бул борбордук аппараттан кээ бир кызматтар бир-бирине кошулуп, өздүк курам кыскарып, анын эсебинен жер жерлерге күчтөндүргөнбүз. Белгилей кетчү нерсе бул процесс башкача айтканда бир кызмат менен экинчи кызматты кошууда  өтө кылдат мамиле жасоо керектигин тастыктады.

Ошол себептен, коомчулуктан көптөгөн сын-пикирлер айтылып, өзүңүздөргө маалым болгондой мамлекет башчыбыздын “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча чаралар тууралуу”2016-жылдын 18-июлундагы № 161 Жарлыгы жарык көрдү.

Коргоо кеңеши тарабынан жалпы укук коргоо органдарынын ичинен Ички иштер министрлигин реформалоонун Концепциясын сунуштаган. Негизинен, азыркы күндө КР ИИМдин төмөнкү 6 кызматын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат:

— коомдук коопсуздук кызматы;

— криминалдык милиция;

— экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы;

— баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы;

— тергөө кызматы;

— ички иликтөө кызматы.

Жарлыктын негизинде укук коргоо органдарындагы бири-бирин кайталаган органдар жоюлду. Алсак, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жоюлуп, ИИМге өткөрүлдү, ИИМдин 5-башкы башкармалыгы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына берилди. Маалыматтык-технологиялар башкы башкармалыгынын кылмыш иштерине байланышкан маалымат базасы Башкы прокуратурага өткөрүлдү. Ошол эле учурда реформа маселеси боюнча ИИМдин жетекчилиги тарабынан алгачкы башталыш принципти сактоо менен жер-жерлерде дегеле министрликте реалдуу реформа ишин жүргүзүү сунушун бердик жана колдоого алынды. Реформа – бул менин оюмча тынымсыз, заманга жана анын талабына  жараша өзгөрүп турган узак процесс. Ошол эле учурда реформаны толук кандуу ишке ашыруу үчүн каражат маселесин чечүү абдан зарыл. Реформа жүргүзүүдө коңшу мамлекеттердин жана чет мамлекеттердин эң жакшы жактарын эске алуу менен биздин коомчулуктун, өлкөбүздүн географиялык өзгөчөлүгүнө ылайык жүргүзүү абзел.

-Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо, айлык маянасын көтөрүү жана кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

-Реформанын негизги максаттарынын бири бул кызматкерлерге талаптагыдай шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бул багытта мамлекет башчыбыз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин колдоосу менен акыркы 2014-жылдан баштап кызматкерлер үчүн турак-жайлар курулуп, Баткен шаарында 24 батирлүү үйлөр, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында 44 батирлүү жатакана куруп бүтүп, бардыгы болуп 455 батир бүтүп кызматкерлерге берилди.

Мындан тышкары Ош шаарында 220 батирлүү 2 үй, Жалал-Абад шаарында, 100 батирлүү 2 үй, Токмок шаарында 40 батирлүү үй курулуп жатат. Ал эми Нарында 60 батирлүү, Таласта 60 батирлүү үйлөрдү куруу пландары бар. Ал эми кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу максатында райондук, шаардык милиция бөлүмдөрүнүн, айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн имараттары оңдоп-түзөлүп, айрымдары жаңы курулуп ишке берилүүдө. Ошондой эле Нарын шаарында спорттук зал, Каракол шаарында болсо бала бакча салынып жатат. Ал эми кызматкерлердин айлык маяналары боюнча айтсак, келечекте кызматкерлердин айлыгы 30-40 миң сомдон жогору болуп, кызматкерлерди жумушка алууда, сынактык жана кадрдык тандоо болсо, алардын чеберчилиги жогорулап, жумуштун дагы сапаты жакшырып, элдин милицияга болгон ишеничи сөсүз түрдө жогорлайт .

-Биринчиден токтоло кетсем, милиция – грек тилинен алганда “аскер, жүрүш, рыцардык ж.б.” түшүнүктү билдирип, бул жөнөкөй сөз менен айтканда, куралданган элдик кошуун. Ал эми полиция – бул грек тилинен алганда “полития- мамлекет жана шаар” дегенди билдирип,коомдук тартипти коргоо боюнча мамлекеттик кызматтынэл менен шериктештик катары кызматташуусу.

  • уура айтасыз, коңшу өлкөлөрдөн 4 мамлекетте азыркы күнгө чейин милиция боюнча калууда. Атына жараша заты демекчи, өз убагы келгенде биз дагы полицияга өтүү зарылчылыгы келип чыгат. Бул үчүн биринчи кезекте дагы да болсо каражат маселеси чечилиши керек. Анан мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Полиция кызматын киргизүүгө менин көз карашым түз жана бул келечекте сөзсүз ишке ашарына ишенем.

Кандай гана мамлекет болбосун негизги 3 багытка өзгөчө көңүл буруусу зарыл деп эсептейм,алар – саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият, ички жана тышкы коопсуздук.

ИИМдин түзүмү боюнча токтоло кетсем, айрым мамлекеттерде Ички иштер министри саясий кызмат орун болуп эсептелинип, анын жетекчиси жарандык адам дайындалат. Айта кетчү нерсе, Грузия жана Европанын кээ бир мамлекеттеринде Ички иштер министрлигинде   полиция кызматынан тышкары, өзгөчө кырдаалдар, жазаларды аткаруу кызматы, миграция кызматы, мамлекеттик каттоо кызматы, чек ара кызматы, каржы полициясы,  ал тургай айрым учурларда  улуттук коопсуздук кызматы да, жергиликтүү бийлик да дайындоо учурунда түздөн түз катыштыгы болот  жана башка кызматтар да кирет. Ошондуктан, бул кызмат орун саясий деп эсептелип, анын жетекчилигине жарандык адам дайындалса болот. Бирок ар бир кызматтын башчыларына кесипкөй кадрлар дайындалып, алар тарабынан жетекчилик жүргүзүлөт.

Ал эми биздин Ички иштер министрлигине өз убагында жарандык адамдар дайындалып, оң тараптуу натыйжа бере алган эмес. Жарандык адамды жогорудагыдай шартта гана дайындоого туура болот деп эсептейм.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу