КУРСАН АСАНОВ ДЕГЕН КИМ?..

Генерал Курсан Асанов эки күндүн биринде Жогорку Кеңешке барып, реформа, жаңылануу боюнча чоң жүктү ишке ашырууга белсенип жүрөт. Депутаттардын кандай гана суроосу болбосун, түз түрдө жооп берип, айтор, элге карата ынанымдуу пикир айтканы кубандыра баштады. Бул да өзүнчө талант! Азыр ИИМде ЖКга барып, мындай «чеберчилигин» көрсөтө ала турган бир да жетекчи жок. Моюнга алыш керек.

Иш жүзүнө келгенде, Курсан мырза катардагы спецназдан генералдыкка чейин өсүп жетти. Бул анын эмгеги. Биз канча сындасак да, ал чыйралып, түз жолду тандап, эл үчүн иштеп берүүгө, мамлекеттик жетекчи катары өзүнүн атын тарыхка калтырууга ынтызар. Эл аралык практикада мындай фигуранттар ийгиликтерди жаратып келишкен.

Кыргызстандын кайсы жеринде коңшу өлкөлөр менен чек арага байланыштуу чыр-чатактар чыкса, ошол регионго десанттай болуп ИИМдин орун басары Курсан Асанов түшөт. Эки элди жараштыруу, ынтымакты бекемдөө жагынан дайыма демилгечи болуп келет. Июнь окуясындагы эрдиктерин бүтүндөй кыргыз журту билет дечи, андан кийин да Курсан мырза Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында бир канча ирет улут аралык уруш-талаш чыкканда элдин тынчтыгын сактап, коопсуздугубуз үчүн эбегейсиз салым кошкон. Кошуна өлкөлөр менен мамилени чыңдоодо генерал Асановдун эмгеги зор экенин тана албайбыз. Мына ушундай мекен үчүн күйгөн профессионал кадрга сыйлык берсек болбойт беле?

Булак: Чындык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу