Курсак катуу ачканда эмне кылган туура?

Курсагыбыз абдан ачкан кезде ун жана таттуу азыктарга табитибиз тартат. Кардыңыз абдан ачмайын тамак жебеңиз. Эгерде тамактангандан кийин каныңызда канттын деңгээли түшүп кетсе, анда адистер бат-баттан тамактанууну сунуш кылат.

Абдан ачка болгонуңузда бир стакан суу ичиңиз

Эгерде сиз абдан эле ачка болуп жатсаңыз, анда бир стакан суу ичиңиз. Андан беш мүнөт өткөндөн кийин ачка болгонуңузду бир аз болсо дагы унуткарасыз.

Тамактанган учурда белок тамак-аштарын колдонуңуз

Курамында белок кошулган тамак-аштар көп убакытка чейин сизди ток тутат. Белок-эт, балык, жумуртка жана айранда көп болот.

Тамак жегенден соң бир порция мөмө жеңиз

Тамактанган соң, артынан десерт катары кургак жемиштерди жеген өтө пайдалуу.

Корица, кофе жана көк чайдан колдонуңуз

Корица кандагы шекердин өлчөмүн бирдей кармап турганга жардам берет. Корицаны чайга жана айранга кошуп ичсеңиз болот.

Жетишээрлик уйкуга көңүл бөлүңүз

Жетишээрлик уйку сизди тамак-ашка болгон аппетитиңизди ачып, гормондоруңузду нормалдаштырат. Мисалга, күнүнө сегиз сааттык уйку сиздин күнү боюу сергек жүрүшүңүзгө себеп болот.

Жумасына жок дегенде 150 жолу көнүгүү жасаңыз

Жумасына жок дегенде 150 жолу көнүгүү жасаңыз жана аны адатка айлантыңыз. Мындай тажрыйба, сиздин бир калыпта жүрүүңүзгө түрткү болот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу