Курсактагы майдан кантип арылабыз? Майлуу курсак туурасында чындык

Сыналгыдан модель же актрисалардын келбетин көрүп, аларга суктанып келебиз. өзгөчө алардын жалпак курсагы кыздарды кызыктырбай койбойт. Анан ошондой денеге ээ болгусу келген кыздардын каалоолору жай  айында күчөөрү чын. Себеби калыңыраак  кийимдер чечилип, денедеги ашыкча майлар көрүнүп калат. Ал эми алдыда көлдүн да сезону да келди.

Жалпак курсакка жетүү үчүн эмнелерди гана жасашпайт? Алгач эле тамактан баш тартып, эс оогончо спорттук көнүгүүлөрдү жасашат. Болбосо “сыйкырдуу” кремдер жана дарылар үчүн болгон акчаларын сарпташат. Бирок эмнегедир мындай аракеттерден кийин деле салаңдаган курсактын жоголоюн деген ою жок. Эмне себептен? Ар бир айым жалпак курсакка ээ боло албайбы? Албетте, боло алат. Болгону ал үчүн ар бири зыян адаттардан арылып, өзүнүн жашоо образын алмаштырышы керек.

КУРСАКТАГЫ МАЙ ЗЫЯНБЫ ЖЕ?..

Эмнеге кыздар жалпак курсактуу болгулары келишет? Эмнеге мырзаларга мындай курсактуу айымдар жагат? Майлуу болсо эмне болот? Деги эле “жалпак курсак – сулуу” деп ким айтты? Айта берсек, ушул сыяктуу суроолор да көп. Чынында, мындай стереотип кайдан келген?

Билсеңиздер, жүздөгөн жылдар бою дүйнөлүк белгилүү сүрөтчүлөр киндигинин астында курсагы бир аз чыгып турган бийкечтерди тартып, алардын сулуулугун даңазалап келишкен. Ошондуктан ал учурда эч кимге курсактагы май менен күрөшүү туурасында ой келген эмес. Ким билет, мүмкүн, тескерисинче, майлуу курсак сулуулук чыгар…

Чын эле аял киши тукум улоочу болуп эсептелингендиктен, ден соолугу дагы ага жооп бергидей болуш керек. Байыртадан эле мырзалар жубай катары чың дене мүчөлүү, дени сак, көп бала төрөп бере алгыдай айымды тандашчу. Денедеги майдын запасы күтүлбөгөн ачкачылыкта оорулар менен күрөшүүгө жана баланы эмизүүдө мааниси чоң. Мындан жүз жыл мурда эле балдарынын энеси катары мырза курсагы омурткасына жабышкан айымды тандамак эмес.

ЖАЛПАК КУРСАК  – ЗАМАНБАП  ЖАШООНУН МОДАСЫ

Кийимдердин модасы сыяктуу эле убакыттын өтүп, замандын өзгөрүшү менен дене-келбетке болгон көз караш дагы өзгөрөт экен. Мурда, жогоруда белгиленгендей, майлуу курсактуу айымдар бааланса, учурда сексуалдуулуктун башкы белгилеринин бири болуп жалпак курсак эсептелинет. Ошентсе да чыгыштын айрым мырзаларын курсактуу айымдар кызыктырат. Ал эми кээ бир африкалык өлкөлөрдө болочок келиндерге атайын күчтүү тамактардан көптөн жедирип, тойго даярдашат. Болбосо алар күйөөсүз калышы ыктымал.

Эмнеси болсо да, ар бир нерсе чеги менен болгону жакшы. Демек, курсактагы майдын салаңдап калышы – чектен ашкандык!

КУРСАКТАГЫ МАЙДАН ТУУРА АРЫЛАБЫЗ

Көпчүлүк айымдар майлуу курсак менен күрөшүүдө ката кетиришет: же спорт менен эле машыга беришет, же тамакты ченеп жей башташат. А негизи, ийгиликке жетүү үчүн аракет комплекстүү түрдө болуусу зарыл.

ЖАЛПАК КУРСАККА КАРАЙ Эң ОңОЙ үЧ ЖОЛ

  1. Чеги менен тамактануу;
  2. Дайым кыймылда болуу;
  3. Жаман адаттардан арылуу.
  4. Чеги менен тамактануу десе эле жеңил тамактарды жеп, алдан тайып, ачка калып калбаңыз. Организмге дагы энергия керек, ошондуктан күчтүү тамактарды жесеңиз болот, бирок тойбой (ачка болуу сезими кетсе эле болду). Эң башкысы, “жатар курсак жармадан айлансын” дегендей, уктаарга 4 саат калганда тамактаныңыз. Себеби адам тамактангандан кийин сөзсүз кыймыл-аракетте болуп, тамакты сиңирүүсү керек. Тоюп алып уктоо ден соолукка эле зыян алып келбестен, мындай учурда адамга жаман түштөр дагы кирет. Колдон келсе күнүнө бир маал күчтүү тамак жесеңиз, калган убакта жер-жемиш, жашылчалар менен азыктанганыңыз туура. Ал эми эртең менен турганда ач карын бир стакан таза суу ичип коюу тамакты жакшы сиңирет дагы, ачка болуу сезимин азайтат.

Эскертүү: Ачкасызбы, токсузбу, дайыма ичиңизди тартып жүрүңүз!

  1. Кыздардын 91 пайызы үйдө спорттук көнүгүүлөрдү жасоого убакыттары жок экендигин айтып келишет. Күлкүлүү шылтоо бекен? Негизи, ар бир кыймылдын өзү спорт эмеспи. “24 саат бою спорт менен машык” деген жокпуз го… Күнүгө кечинде үйгө келгенде сырткы келбетиңизден кабар алып коюу максатында күзгү караганга, сыналгы көрүүгө, агентте отурууга убакыт табасыздар. Ошол учурда эле күзгүнүн алдында бийлеп көрүңүз, сыналгы көрүп жатып курсагыңызга пресс жасаңыз же колуңуз менен курсагыңызга массаж кылыңыз. Бир жакка барарда жарым саат эрте чыгып, 5 аялдамалык жолду жөө басыңыз. Жөө басуу – спорттун эң пайдалуу түрү.

Эскертүү: Алгач ар бир көнүгүүнүн эрежеси жана пайдасы туурасында атайын адистерден кеңеш алып алганыңыз оң.

  1. Жогорудагы эрежелердин ишке ашышына начар адаттардан арылуу дагы түздөн-түз тиешелүү. Спирт ичимдиктерин ичкен же тамеки тарткан айымдын иммунитети төмөн, зат алмашуусу жай болот дагы, ашыкча май менен күрөшүү салыштырмалуу бир топ кыйыныраак өтөт.

Күлкүлүү тасма, берүү­лөрдү көрүп, көбүрөөк күлүңүз. Адам каткырып күлүп жаткан учурда курсактын булчуңдарына күч келип, майлар күйүп, булчуңдар бекемдейт. Ал эми күлкүнүн өзү бакыт гормондорунун иштелип чыгышына чоң шарт түзөт.

Эскертүү: өзүңүздү, аны менен катар денеңизди сүйө билсеңиз, башкалар да сизди сүйүшөт.

Жогорудагы эрежелерди убактылуу эле аткаруу туура эмес. Алар сиздин жашоо образыңызды түзүшү зарыл. Курсактагы майдан арылуу сиз элестеткендей кыйынчылыкты деле талап кылбайт. Болгону ал үчүн убакыт, сабырдуулук жана сүйүү керек! Макаланы окуп бүттүңүзбү? Анда ишке азыр киришиңиз…

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу