Курсагы ач адам эмнеге ачуулуу болот?

Курсагы ачкан адамдын маанайы түшүп, ачууланып, «тынчы» кетери белгилүү. Эмнеге андай? деген суроого АКШ окумуштуулары жооп издеп көрүштү.

Изилдөөнүн натыйжасында белгилүү болгондой, биз ачка болгон кезде организмибиздеги маанайыбызды иретөөчү серотонин гормонунун деңгээли өзгөрөт. Окумуштуулар бул гормондун нерв импульстарын иреттөөгө кандай жардам берерин көрүш үчүн ачка болгон адамдын мээсин сканерден өткөрүп көрүшкөн.

Жыйынтыгында серотонин азайганда мээде кээ бир байланыштар начарлашы байкалган. Бул деген – курсагы ачкан кезде адамдын ачууга алдырып, эмоционалдуу жооп берүү жөндөмү төмөндөйт да, ошол себептен адам ачууга алдыра баштайт.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу