Курман айтка карата кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат

Курман айт майрамына карата Кыргызстанда 4 күн — 18-19-20-21-август күндөрү эс алуу күнү деп жарыяланат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 5 күндүк жумуш күн менен эмгектенген мекеме-ишканалардын жамаатына тиешелүү экенин билдирди.

Министрлик ошондой эле эс алуу жана жумуш күндөрүн иреттүү пайдалануу үчүн жеке секторлорго дагы ушундай эрежени сунуштайт. Ал эми 20-августтагы (дүйшөмбү) иш күнү 22-сентябрга жылдырылды.

Бул жылы Курман айт 21-августта — шейшемби күнү белгиленет.

Булак: Турмуш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу