Курманын ден соолукка пайдасы…

Окумуштуулардын айтуусунда курма (финик) тамактануучу сонун азык. Анткени анын курамы түрдүү витаминдерге өтө бай. А түгүл бир гана курма жана суу менен тамактансаңыз, адистер узак убакытка жашай турганыңызды белгилеп өттү.

Курма-өзгөчө адам чарчаганды, кан аздуулукту, гипертонияны, нерв ооруларына жана жүрөк кан-тамыр ооруларына абдан пайдалуу.

Мындан сырткары жөтөлдү басканга, какырыкты чыгарууга жана мээнин мыкты иштөөсунө жардам берет.

Өзгөчө аял киши кош бойлуу кезинде жана төрөт алдында колдонсо дагы пайдалуу. Себеби, ал аялдын төрөтүн жеңилдетип, эненин сутүнүн көбөйүшүнө жакшы.

Ошондой эле, финики организмдеги түрдүү инфекциялар менен курөшүп, жүрөктүн иштөөсүн бекемдеп, боор жана бөйрөктөгү кычкылдыкты баланстап, рак ооруларынын алдын алат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу