Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Атамбаевдин кол тийбестик макамы жок, аны жоопко тартса болот”

-Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуш кылдыңыздар. Эми ал мыйзам кабыл алынса Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинен ажыратылып, камакка алынабы?

— Коомчулукта экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу деген туура эмес түшүнүк кеткен. Негизи экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзам жок. Тактап айтканда, экс-президент кол тийбестик макамына ээ эмес. Аны мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке тартууга болот, мыйзам ага жол берет.

— Атамбаевдин командасы болсо кол тийбестик эч качан алынбайт, АША кылган кылмыштарына жооп бербейт дегендей маалымат таратып элдин башын айлантып жатпайбы. Буга кандай дейсиз?
— 2013-жылы кабыл алынган президенттин ишмердүүлүктөрүнүн кепилдиктери тууралуу мыйзамды Конституцияга дал келтирүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Мында экс-президентке айрым жеңилдиктерди берип, бирок жоопкерчиликке тартуу маселеси сакталат. Экс-президенттин статусун депутаттардын статусуна теңеп, эгер кылмышы аныкталса ЖКнын макулдугу менен жоопко тартуу маселеси каралууда. Парламент саясий куугунтук болуп же болбой жатканын карап берет.
Булак: Марал радиосу

Аргумент.kg
Жооп калтыруу