Курманкуловду тоготпогон оперлер

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Курманкулов Саматты
тоготпогон оперлер да бар экен. Ибрасулов Урмат деген опер кызматкер Каныбек аттуу
шериги менен А.Б аттуу жаранды көчөдөн эле кармап, эч кандай шылтоосу жок, же
тийиштүү көрсөтмө кагазы жок эле коркутуп-үркүтүп, машинесинин ачкычын тартып
алышып, Бишкек ШИИББнин имаратына алып келишкен. А.Бны коркуткандан эч кандай
майнап чыкпагандан кийин коё берүүгө аргасыз болушкан. Учурда бул иш боюнча
прокуратура кабардар. Кандай жыйынтык чыгаары белгисиз. Курманкулов жаштык
кылып жатат окшойт, Турганбаев барда оперлер көчүгүн кысып жүрүшчү эле.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу