Курманбек Бакиев «Хабар» каналына маек берип, Кыргызстанга келерин айтты

Бакиев 2005-жылы «Жоогазын революциясынан» кийин бийликке келип, 2010-жылы эл тарабынан куулган

 Экс-президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиргенин Tengrinews.kz жазды.

Бул жөнүндө Бакиев «Хабар» телеканалынын Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялар боюнча даректүү тасмасында билдирген.

«Мен эмне кийип турсам ошол боюнча чыгып кеткем. Эстелик үчүнбү, айтор, кийим-кече, байпак, ич кийимдериме чейин алып кетишиптир. Идиш-аякты айтпай эле коёюн. Убагы келгенде мекениме кайтарыма көзүм жетет», — деди Бакиев тасманын анонсунда.

Курманбек Бакиев 2005-жылы «Жоогазын революциясынан» кийин бийликке келип, 2010-жылы эл тарабынан куулуп, Белорусияга качып кеткен.

Ал 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин бийлигине каршы митингге чыккан элди аткылоо боюнча иштин негизги «каарманы» болуп эсептелет. Жогорку сот Курманбек Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыратып, кийин жаш курагын эске алуу менен мөөнөтүн 30 жылдык жаза өтөөгө алмаштырган.

Булак:  Sputnik.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу