Кургатылган өрүк как: Тамак-аш сиңирүүдө пайдалуу. Стресстен жана аз кандуулуктун алдын алат. Күнүнө 5 даана өрүк жеп туруу, курамындагы калий аркылуу жүрөк булчуң эттери менен нервтердин калыптануусуна маанилүү роль ойнойт.
Куркатылган жүзүм: Дем алуу органдарынын ооруларына каршы дарылык касиети бар. Күнүнө 10 даана кургак жүзүм кан басымыңызды нормалдаштырып турууга жардам берет. Ошондой эле иммунитетти көтөргөнгө да пайдалуу.
Кургатылган алма: Дем алуу кыйындаганда, астма, жүрөк ооруларына каршы жакшы таасир берет. Курамындагы клетчаткалар ичеги карынды тазалайт. Көздүн нерв булчуңдары чарчап турган абалда да жардамга келет.
Кургатылган курма: Антиоксидант касиети менен иммунитет системасын күчтөндүрүп, зыяндуу шишиктердин алдын алат. Тамак-аш сиңирүү системасына жардам берет. Курамындагы B1 B2 витаминдери аркылуу нерв системасын коргойт. Мээнин иштөө функциясын ирээтке келтирет.
Кургатылган кара өрүк: Курамында B1, B2, B3, B6, A, C жана E витаминдерине бай келет. Анын курамындагы калий жана магний аркылуу боор, жүрөк, бөйрөк жана ревматизм ооруларына каршы пайдалуу.
Кургатылган инжир: Курамында клетчаткаларга бай болгондуктан, ашыкча салмактуулуктун алдын алат. Ал аркылуу клетка калыптанып, денедеги кан айлануу процессинде активдүү иш алып барат.
Булак: Zaman.kg