Кургак учук оорусу жугуштуубу?

Кургак учук (Туберкулез) микробактериялар аркылуу пайда болгон жугуштуу оору болуп саналат. Көбүнчө өпкө кургак учугу менен жабыркаган адамдар аркылуу жугат. Мисалга, алар чүчкүргөндө, какырып түкүргөндө же жөн эле сүйлөгөндө аба аркылуу жугат.

Кургак учук микробактериялар адам организмине дем алуу жолдор аркылуу өпкөгө келип түшөт. Ал бактериялар алгач өпкөнүн айланасын, андан соң бронхтордун жабыркоосуна таасир этет. Адам жөтөлгөн маалда бөлүнүп чыккан какырык менен бирге микробдор айлана-чөйрөгө тарайт.

Кимдер бул ооруга бат кабылат?

—Иммуниети төмөн адамдар

-Беш, алты жаштагы балдар жана кичинекей бөбөктөр

-Уулгайгандар

-Алкогол көп колдонгондор

Орунун белгилери

—15 күндөн ашкан жөтөл

-Кечинде тердөө жана дене таптын көтөрүлүүсү

-Бат арыктоо жана табиттин жоктугу

Кургак учук ооруну айыктырууга болобу?

Кургак учукту айыктырууга болот. Ал үчүн атайы кургак учукка каршы дары-дармектер бар. Дарылоодон мурда доктур өпкө жана башка органдарды рентгенге тартып, кургак учук микробактериялардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн какырыкка изилдөөлөрдү өткөрүп, микробактериялардын кайсы дары каражатына сезимтал боло тургандыгын аныктап алуусу абзел. Мына ошого карата доктур дарылоону баштайт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу