Курбунүз сизди көрө албай жатканын билүү жолдору…

Анда чогуу текшерели… Жашоодо болгон сырыңды бир таанышыңы тургай жакын адамыңа да айта албайсың. Мындай жан дүйнө сырын бир гана курбу менен бөлүшөт. Бирок, курбунун да бир топ түру бар. Аны да иргей билиш зарыл. Эгерде сизде курбу болсо аны алгач текшерип көрүп андан кийин ыймандай сырыңызды төгө бериңиз. Биз сизге п сихологдордун бир нече кеңештерди сунуштайбыз. Жүрүм турумун сизге окшоштурабы? Сизге ар тараптан окшошууга аракет кылат. Мисалы сиз колдогон фирманын косметикасын жада калса түсүн да колдонуга аракет кылат. Уюлдук телефонунун маркасы, түсү жада калса кабы да сиздикине куюп койгондой окшош. Сиз барган фитнес клубдарга, кафелерге жада калса сиз кыялданган кыялдарга чейин көчүрүп алат. Мындай курбудан абай болуу керек. Азыртан унчукпаса дагы бир күнү таарынычы же сиздин купуя сырды башкага айтып салуусу менен сизди көпчүлүк алдында сындырышы ыктымал. Сиздеги ийгиликтерди тымызын кызганат Окуудабы, иштеби же жигит менен мамиле куруудабы айтор кандай ийгиликтериңиз болсо аны көрө албай ичинен сызып ойлоно баштайт. Ар бир ийгилигиңизди кубаныы менен бөлүшкөндө муздак көз караш менен жөн гана “куттуктайм” деп ооз учунан колдомуш болот. Сиз менен кошо кубануунун ордуна мындай жагдайларда башка нерселерге шылтоолоп уруш чыгарууга аракет кылат. Кыйын кезең мезгилде турган курбу Сиздин жашоо жолуңузда баары бир калыпта жүрүп жатат дейли. Бирок ошол учурда сиздин жакын курбуңуздун ташы төмөн кулап жашоо жолдору татаал болуп жатат. Канчалык сиздин жаркын жашооңуздагы жаңылыктарга тең кубанууга аракет кылбасын, кээде тымызын ичи тарышы мүмкүн. Анткени адамдын табияты көп учурда баардыгы бирдей болуусуна умтулат. Кандай болгон күндө да курбу күткөндө абай болуңуз!

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу