Курал Чокоев, ырчы: “Шоу бизнес ырчылардын ыйманын муздатып жатат”

Шоу бизнестеги абдан шайыр, өзгөчө стилдүү ырчы мырза Курал Чокоев бизде мейманда болуп, ар тараптуу суроолорубузга жооп берди.

 Курал, көп убакыттан бери сахнада жүрөсүз. Бир нече кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгонсуз. Ал эми ырчылыктан кетүү тууралуу ойлоруңуз болду беле?

— Жок. Ырчылыкка аралашканыма аз убакыт болуп жатса, кайдан кетем? Ырчылык мен үчүн баардыгы. Бутүндөй бир жашоом. Анан андан алыстап кетип калсам, билбейм кандай күн көрөм.

— Күнүнө канча тойго чыгасыз?

— Эң көп чыкканым он эки той болгон.

— Акча сиз үчүн кызмат кылабы же сиз ал үчүнбү?

— Азыр акча үчүн кызмат кылып жүрөм. Бирок, ниетим бар кийин мага акча кызмат кылса деген.

— Дин жолуна түшүү тууралуу ойлоруңуз барбы?

— Мусулман пендеси болгон соң, ниетим бар. Динге көз карашым түз. Бирок, биздин чөйрө шоу болгондуктан, бир аз алыстатып жатат. Ыйманыбызды муздатып жатат десем жаңылбайм. Кудай буюрган күнү намаз окуп калаармын.

— Сиз … эл оозунда?

— Мен жөнүндө ар кандай кептер бар. Жакындан таанып билбегендер дароо эле мени өзүн көтөрүп жүргөн, кыйын сезген адам катары көрүшөт. Ал эми таанышып, жакындан сүйлөшө келгенде “Сен абдан жөнөкөй жигит турбайсыңбы” деген сөздөрдү көп угам.

— Күйөрман кызыңызды сүйүп калышыңыз мүмкүнбү?

— Толук мүмкүн. Күйөрман кызым деле татыныкай болот да. Же эмне мага татынакай эмес кыздар күйөрман болот деп ойлоп жатасызбы?

— Кайсы тамакты жактырасыз?

— Мен эч качан тамак тандабайм. Бардык ашкананын тамактарын ылгабастан жей берем. Мага эң башкысы даамдуу тамак болсо болду. Ал эми жакшы көргөн тамагым- лагман. Камырды абдан жакшы көрөм. Бирок, акыркы учурда менде диета деген нерсе пайда болду. Ошого айланыштуу камыр тамактарды көп жебей калдым.

— Машыгуу залына канча убакыт бөлөсүз?

— Жумасына төрт жолу барып, 3 сааттан убакыт бөлөм.

— Жашооңуздагы эң чоң жетишкендик?

— Бул жашоодогу чоң жетишкендигим чыгармачылык. Мектепте окуп жүргөнүмдө эле “Ырчы болом. Ырдайм” деп көп айтаар элем. Өзүмдүн күчүм, мээнетим менен максаттарыма жетип, ушул деңгээлге жетип олтурам.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу