Курал Чокоев, ырчы: «Менда үй-бүлө күтүп, наристе жытын жыттап, бактылуу болгум келет»

Мукам үнүн  жаңыртып, созолонто обон созгон  ырчы Курал Чокоев,  бул ирет биздин редакцияда конокто болду. Анда, ырчы мырза өзүнүн жаңылыктары менен бөлүшүп, биздин суроолорго  ачык-айкын жооп берип жатты. 

-Сырттан караганда олуттуу мырза көрүнөсүз, негизи жашоодо кандайсыз?

-Мен жашоодо жөнөкөй эле мырзамын. Башкалар үчүн олутту көрүнсөм, тескерисинче,  шайыр жүргөнгө аракет жасайм. Азыркы учурда ким болбосун   адамдын  сыртынан карап, анын ким экендигин өзүбүздүн көз карашыбыз боюнча чечим чыгарып коёбуз. Көп учурда мен тааныбаган инсандар менен жолугуп, маектешип  калсам, “ Сырттан караганда бай- манап көрүнөсүң, биз сени  бой көтөргөн ырчы ”-, деп ойлочуубуз. “Сүйлөшүп көрсөк,  жөнөкөй эле жигит турбайсыңбы!”-, деп айтып калышат. Мындай учурлар чындыгында көп кездешет. Мен ойлойм,  тааныбаган адамды бир эле көрүп,  аны менен баарлашпай туруп,  ким экенин,  кандай мүнөөзгө  ээ экенин билүүгө болбойт. Ошондуктан,  жашоодо эл ойлогондон таптакыр башкамын.

 -Жашоодо  кайгырган учуруңуз болобу? Андай мезгилде эмне менен алектенесиз?

-Албетте, кайгырбаганга аракет кылам. Негизи,  адам баласы көп нерсени ойлонуп,  болбогон нерсеге да кайгыра берет экенбиз.  Ошондуктан,   жакшы нерселерди ойлонгонго аракет кылам. Оюмду жакшы нукка бурам. Бирок, жашоодо ар кандай кырдаалдарга туш болосун. Бирде кайгыга батпайын десең да, батасың, бирде, кубанасың дегендей.  Чындыгында, кайгырган мезгилди каалабайм, бирок,  ошондой  мезгилде,  адамга дем берип, туура жол көрсөтүп, маанай көтөрө турган   позитивдүү видеолорду көрүп,  өзүмө чоң күч чогултам.

-Көбүнчө ырларыңыздын сөзүнө маани бересизби же обонуна?

-Ар бир ырды чыгарып жатканда сөзсүз түрдө обонуна, сөзүнө,  кунт коюуу менен маани берем. Себеби, кээ бирөөгө бир эле укканда  жеңил-желпи жазылып калган ырдай сезилиши мүмкүн. Ошондуктан, ырдын сөзүн элге түшүнүктүү болгудай кылып,  жеңилдетип жазып, ырдап чыгам. Обондун жазылышыда  ошондой, өзүнчө кылдаттык мамилени талап кылат. Эң негизгиси,  ырдын мазмуунуна обон төп келиши керек. Ал эми,  ырчы катары ырларымдын санын көбөйтүүгө ашыкпайм, оргиналдуулукка жана актуалдуулукка басым жасайм.  Азыркы учурда,  дагы бир жаңы ырдын үстүнөн иштеп, клип тартып жатабыз.  Буйруса,  жакынкы күндөрдө күбө болосуздар.

-Үй-бүлө куруу азыркы планыңызда  барбы?

-Менделе үй-бүлө куруп, балалуу болгум келет. Бирок, азыр тилекке каршы буйрубай жатат окшойт. Планда жок десем,  алдаган киши болом. Бул тууралуу максаттар бар. «Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет»-, болуп эле,  эки, үч жылдан бери ушундай  бойдокчулук доорун сүрүп келе жатам. Буйруса, . «Кудайым кааласа бул тилектер да орундалат»-,  деген ишеничтемин.

-Табитиңизге кандай кыздар жагат?

-Бардык эле эркек кишиге бирдей эле табит жакса керек (күлүп).  Сулуу, дене түзүлүшү кооз дегендей.   Албетте, ден соолугу бекем  бала төрөп бериши үчүн, дени сак айым болушу зарыл. Эң негизгиси, акылдуу, жашоону түшүнө билген, туура жол көрсөтө алган, татыктуу жубай керек.  Жашын деле чектебейм, менден он жаш кичүү болсо да болот, болгону өзүмдөн улуу болбосо болду (күлүп).

-Олуттуу көрүнгөн Курал мырза кандай мүнөздөрдү өзү менен алып жүрөт?

— Эң биринчи,  адамдын көңүлүн оорутпаганга аракет кылам. Ушул мүнөөзүмдөн  улам, ким эмнени суранып жатса,  “жок”-, деп айта албайм. Убакытым тартыш болуп жатсада,  көңүлүн оорутпайын деп, макул болуп, чакырган жерине бара албай,  же айткан нерсесин аткара албай,   уят болуп калган күндөрүм көп болот. Ошондуктан, “жок”-,  деп айтууга өзүмдү көндүрүп  жатам. Негизи,  жашың жогорулаган сайын мүнөөзүң да өзгөрүп баштайт экен. Жаштык кезде бирөөгө жиним келип, же болбосо оор кырдаалдарда  көзүм жаштанып,   ыйлап жиберчүүмүн (күлүп). Азыр ыйлактык мүнөөз мага такыр жолобойт. Ал эми, азыркы учурда  жалкоолук сапатым  менен күрөшүп келем.

-Көп учурда өзүңүздүн оюңуз менен жүргөн мырза көрүнөсүз. Соц.тармакта, (Instagram) дагы сизге жазылган сын-пикирлерге кандай карайсыз?

-Соц. тармакта,  (Instagram) чөйрөсүндө  аябай сулуу, жакшынакай адамдар көп.  Элдин оюу менен болуп, элге жакшы көрүнөйүн  деген инсандардын саны  арбын. Бирок, мен  алардын катарын толуктагым келбейт. Соц. баракчамда,  башкаларга салыштырмалуу жазылуучуларым аз. Бирок,  ошого карабастан, мага өздөрүнүн пикирлери тууралуу жазышып турушат. Окусаң,  жакшы да,  жаман да сындар кездешет. Негизи, алар менин жашоодо кандай экенимди билишпейт, ошол сыяктуу менда,  алардын ким  экенин билбейм. Ушундан улам,  алар жазып калтырган сөздөрдү окуйм,  бирок, жашоомдо колдонбойм.

-Спорт жашооңузда кандай роль ойнойт?

— Азыркы учурда спортсуз жашоомду элестетүүгө болбойт. Эң алгач, спорт менен машыгуу ден соолукка пайда. Экинчиден,  өзүңдө чоң ишеним пайда болот.  Бир учурда өзүмдү карабай кеткем. Жаштык кез да, клубдан башым чыкпай,   эки жылдай ушундай темпте жүрдүм.  Бир күнү күзгүдөн өзүмдү карап, өзүмө болгон  жек көрүү пайда болду.   Ошондон баштап баарын токтотуп, спорт менен машыгып баштадым. Чындыгында,  токсон пайыз жашоомо өзгөрүү киргиздим. Спорт адамды жакшы жакка тарбиялайт. Ошол эле  мезгилде,  максаттуу инсан кылып чыгарат. Өзүң менен өзүң болууга үндөйт.  Негизи,  спорт менен күндө машыгып турсаң жакшы, денең да, өзүң да эс аласың. Бирок,  чыгармачылык жолдо жүргөндүктөн,   машыгуу залына  жумсына үч,  төрт жолу барып турам. Буйруса, чыгармачылык жаатты да, спорт тармагын да, бир учурда алып кеткенге аракет кылам.

 

Акжуурат  Эргешалыева 

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу