Курал Чокоев, ырчы: «Жанаранын кемчилигин көрбөй сокурдай эле жашап жатам…»

-Жанара менин “Биз экөөбүз” деген ырымдын клибине тартылганда таанышканбыз. Алгач таанышканда жакшынакай кыз экен деп койгом. Көрсө, ошондо бир көрүп жактыруу болгон экен. Экөөбүз 3 жыл сүйлөштүк. Бул аралыкта канча жолу таарынышып, канча жолу урушуп кайра жараштык. Ушул айтканга оңой 3 жыл биз үчүн аябай көптөй сезилди. Бирок бири-бирибизди сындан өткөрүп толук жаттап бүттүк. Ошондой болуп жакшы болгон экен, азыр аябай таттуу жашап жатабыз. Менин мурун үйлөнгөнүмдү да билет, баламды да түшүнүү менен жакшы кабыл алды. Өзүм романтикага жакын болбогонум менен Жанара үчүн романтик болгонго туура келди. Аны Туркияга эс алдырууга алып барып, ресторанда колун сурадым. Кесиби кытай тили боюнча котормочу, иштегенине каршы эмесмин. Анткени аялды депрессия кылып үйгө камагандардын катарында эмесмин. Жанара Көлдүн ак куусу, бир үйдүн эркеси. Өтө эрке. Сүйүп турсаң кемчиликтери  деле көрүнбөй калат экен. Азыр сүйүүгө мас болуп, Жанаранын кемчилигин  көрбөй сокурдай эле жашап жатам.

БУЛАК: Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу