Курал Чокоев сүйүктүүсүнө баш кошту…

Кече, 24-сентябрда ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу “ZAMAN КЫРГЫЗСТАН” маалымат агенттигине ырчынын менеджери Аким Максат билдирди.

«Бүгүн Курал сүйүктүүсү Жанараны алып кетүү үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Бул жакта кыз узатуу тою болот. Андан соң Бишкекке жол тартабыз. Ал эми үлпөт той азырынча белгилене элек. Бүгүнкү салтанатта күйөө жолдоштук милдетти Анвар Осмоналиев аткарып жатат”,-деди Аким Максат

Эскерте кетсек, түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан. Курал Чокоев жайкы эс алуу маалында Жанара менен Түркияда эс алып, ошол жактан колун сураган. Ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу