30-октябрда шаардын четиндеги тойканалардын биринде ырчы Курал Чокоев менен жубайы Жанаранын үйлөнүү-үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу ырчынын жакындары социалдык баракчаларга тойдон видеолорду жана сүрөттөрдү жүктөштү. Ырчыны куттуктап Кыргызстандын аттуу-баштуу ырчылары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Ильяз Андаш, Акбар Сүйүнбаев жана башка жакын санаалаштары келишти.
Кызыгы буга чейинки тойлордо «Жар-жарды» аялдар айтып жүрсө, Куралдын тоюнда куудул, шоумэн Манас Алыкулов айтты.
Эске салсак, Курал Чокоев көлдүн аккуусу Жанараны ушул жылдын сентябрь айында сөйкө салып ата-энесинин колунан алып кеткен.
БУЛАК:barometr.kg