«Кумтөр» келишимин денонсациялоо жана кенди улутташтыруу маселеси талкууланат

Бишкекте бүгүн, 28-январда «Кумтөр» келишимин денонсациялоо жана кенди улутташтыруу маселеси талкууланат. Бул тууралуу жарандык активист, «Элдик курултайдын» чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Мырза «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, талкууда былтыр ноябрдагы курултайда көтөрүлгөн талаптардын аткарылышы тууралуу сөз болот. Бул ирет уюштуруучулар курултайдын мүчөлөрү иштеп чыккан «Кумтөр» алтын кен долбоору боюнча макулдашууну денонсациялоо жана кенди улутташтыруу жѳнүндѳгү эки мыйзам долбоорун талкууга алып чыгат.

Жыйынга курултайдын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери, депутаттар, саясатчылар чакырылган.

2018-жылдын 24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анын соңунда жаңы Конституцияны кабыл алуу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча сунуштар айтылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу