Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн көлөмү азайды

Быйылкы жылдын экинчи кварталында Кумтөрдө алтын өндүрүү пландаштырылган көлөмдөн 16 % аз болду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кумтөр Голд Компанинин» президенти Дэниел Дежарден менен жолугушканда айтты.

Өкмөт үйүндө өткөн жолугушууда Кумтөр кенинин жылдын соңуна чейинки пландык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү талкуулады.

Боронов белгилегендей, 2017-жылы Кумтөрдө 17,5 тонна алтын өндүрүлгөн, ал эми быйылкыга 15 тоннадай пландаштырылган.

«2018-жылдын аягына карай 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага жакын айырмачылык түзүлөт. Бул Кумтөр кенинин, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин финансы-экономикалык абалына өз таасирин тийгизет. Буга катар 2018-жылдын экинчи кварталында пландаштырылган көлөмдөн 16 %га аз алтын өндүрүлгөн» деп кошумчалады Боронов.

Өз кезегинде Дэниел Дежарден кен казуу пландаштырылган убактысына карата эки ай алдыга аткарылганын билдирди.

«Бул алтын казуу фабрикасында алтын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн үчүнчү жана төртүнчү кварталда көбөйтүүнү шарттайт. 2018-жылга карата «Кумтөр Голд Компани» 14,9 тонна алтын өндүрүү пландаштырган. Бирок 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын өндүрүү мерчемделгенден жогору болот» деп билдирди ал.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу