Кулов: Рысбек Максимдин үйүндө жашынып жүргөн

Бермет Букашеванын “Бийлик сырлары” автордук программасында Феликс Кулов КГБ, ЦРУ же ФСБнын кишисиби, “Ар-намыс” партиясы Кремлден акча алганбы, эмне үчүн Бакиев менен тандемге барышын, 2006-жылдын ноябрында митингге чыкпай коюшунун себептери тууралуу айтып берет.

Букашева: Бүгүн бизде конокто Кыргызстандагы чоң кызматтардын кыйласын жетектеген Феликс Шаршенбаевич Кулов. Ички иштер министри, вице-президент, улуттук коопсуздук министри, Бишкек шаарынын башчысы…

Кулов: Анан дагы губернатор…

Букашева: Туура, Чүй облусунун губернатору.

Кулов: Бул кызматтардын бирин да сураган эмесмин. Мен генерал болгум гана келчү.

Букашева: Бала кезденби?

Кулов: Бала кезден. Остап Бендер айтмакчы, «жиндинин тилегин берет».

Букашева: Сиздин дагы бир каймана атыңыз бар эмеспи – “темир генерал”, ошондой эле болду… Анын үстүнө вице-президент Советтер Союзу тушунда болбодуңузбу.

Кулов: Ооба, совет мезгилинде.

Букашева: Мындай шартта айтыла жүргөндөй, сиз КГБнын кишиси болушуңуз керек. Чет кишини мындай жооптуу кызматка дайындашчу эмес…

Кулов: «Аскар Акаевди КГБнын макулдугу менен президент кылышкан» дегенди менин да уккан жайым бар.

Букашева: Ие, «Крючков макулдугун берген имиш» дешчү.

Кулов: Бул эми опсуз апыртма сөз. Кечээки тарыхыбызга кызыккандар болсо, жаштар эми муну билбей калышпадыбы, ал кезде “легендарлуу парламент” бар болчу, анын 350 депутатына бир да «кыгыбычы» келип тапшырма бере алчу эмес, баарын биз өзүбүз чеччүбүз. Эсиңизде бардыр, абдан демократиялык тандоо жүргөн. Башында үч талапкер чыккан — Апас Жумагулов, Абсамат Масалиев анан Жумгалбек Аманбаев.

Букашева: Алардын баары партиялык төбөлдөр болчу, КГБнын кишилери болушу толук мүмкүн.

Кулов: Жок, алар КГБнын кишиси эмес болчу. Жашыруун добуш берилген. Мага ишенип коюңуз, эч ким таасир бере алмак эмес. Алардын бири да өтпөй калышты, ошондон кийин гана Аскар Акаевдин талапкерлиги чыкты. Экинчи талапкер биздин улуу-урматтуу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов болчу, бирок ал баш тартып Акаев өзү гана калган. Ал жерде эч кандай КГБ болгон жок. Мунун баары миш-миштер, ушак-айын кептер.

Букашева: Жакшы. Сиздин атыңыз Оштогу окуялар тушунда Фрунзе шаарынын коменданты болуп турган кезиңизде катуу чыкты, анан ГКЧП тушунда ички иштер министри катары Акаевди кутумчуларга баш ийбей, каршы турууну суранганыңыздан кийин опсуз атак-даңкка ээ болдуңуз…

Кулов: Жок, мен суранган эмесмин. Ачык айтканда, ГКЧПны жарыя кылгандын эртеси Аскар Акаевич баарыбызды чогултуп, пикирлерибизди укту. Ошол жерде КГБнын төрагасы, генерал Асанкулов экөөбүздүн ортосунда ушундай учур болгон. Ал жерде Медеткан Шеримкулов, Герман Серапионович Кузнецов, генерал Асанкулов жана мен бар болчумун. Анан да аппараттын бир нече кызматкерлери.

Асанкулов минтип айтты: «ГКЧПны колдойлу. Биздеги маалыматтарга караганда, жумушчу табы, партиялык органдар, баары ГКЧПны колдойт экен». Акаев эмне айтарын билбей отуруп калды, ошондо мен кол көтөрүп минтип айттым: «Мындай маалымат кыйла эле бурмаланган, эл ГКЧПны колдобойт, ИИМ ГКЧПны колдобойт». Мен айттым: «Аскар Акаевич, биздин көз карандысыздыгыбыз, мамлекеттик өз алдынчалыгыбыз тууралуу декларациябыз бар, ушуга ылайык аракет кылышыбыз керек да». Аскар Акаевич баарыбызды угуп, Асанкуловду кызматтан кетирүү боюнча чечим кабыл алып, анын ордуна вице-президент кызматы менен бирге Герман Кузнецовду КГБны жетектетип койду.

Маанилүү объекттерди, партия БК имаратын, почта, телеграф, телефон, радио, телевидениени токтоосуз коргоого аларыбызды билдирдим. Бул ишти Дырылдаев башкарды – ал ошол кезде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүктүн жетекчиси болчу. Аэропортторду да көзөмөлгө алдык.

Мага Орто-Азия аскер округунун колбашчысы генерал-полковник Фуженко телефон чалып ачык эле минтип айтты: “силер ал жакта эмне демократия менен ойноп атасыңар, азыр мен танкаларды жөнөтөм”. Панфилов дивизиясынын колбашчысы Лукьянов деген дагы бир генерал бар эле, ошол телефон чалып минип атпайбы: “азыр мен эки залп бердирем, силердин Ак үйдөн эч нерсе калбайт“…

Букашева: Жооптуу кызматты ээлеген сиз эгемен Кыргызстандын чоң куугунтукка кабылгандардын биринчисиз. Сизди колдоп учурунда көп адамдар нааразылыкка чыгышкан. Эмне үчүн эки революциядан кийин деле ошолор дагы эле кайталанууда? Менин оюмча, бул жагынан биз мурдагыдан да жаман жагдайга кириптер болдук окшойт.

Кулов: Абдан жаман жагдайга.

Букашева: Сиздин криматалык Рысбек Акматбаев менен мамилеңиз, анын ачык эле аянтта митинг уюштурганы, Бакиевдердин аны колдогону белгилүү. Ага чейин сиздин үзөңгүлөшүңүз Үсөн Кудайбергеновду өлтүрүшкөн. Кумөндүү жерлер ушул иштерде көп. Ошону айта кетесизби?

Кулов: Үсөн Кудайбергенов бизнесчилерге «силерди бандиттер колдойт» деп ачык эле айткан. «Алардын колдоосуна таянбай мага келгиле, мен силерди коргоп алам» деген. Бул криминалдарга жакпай калган. Бизнесчилерди Акматбаевдин адамдары кармачу. Ушундан кийин аны өлтүрүшкөн.

Букашева: Рысбектин тапанчасынын кароолунда сиз турганыңызды өзү бизге айтып берди эле.

Кулов: Мен болгонун болгондой айтып берейин. Чынымды айтайын, мен аны атып салгым келген. Кудай бар, андай күнөөгө батканым жок, аны өзүнүн эле адамдары атып кетишти. Буга Бакиевдердин катышы бардыгын айта албайм, бирок алар анын жок болушуна кызыкдар болчу.

Рысбек Акматбаев менин жанымдагы балдардын бирин өлтүргүсү келген. Ал жигит аман калды. Бул милицияга жетип аны издеп калышканда Рысбек Жибек Жолу көчөсүндөгү Максим Бакиевдин үйүндө жашынып жургөн. Бул оперативдүү маалымат. Кийин Бакиевдер ал тарап болушкан соң Көлдөн бир бал челекчини таап, ал кол салуу болгон күнү бал алып, аныкына келгенин айтып, ошентип ишти жаап коюшкан. Эми азыр ошол балчыны таап сураса ал башкача көрсөтмө бермек.

Максим Бакиев Рысбекти коргогон. Ошон үчүн Рысбек «парламентке депутат болуп келип министрлерди таяк менен кубалап иштетем» деп атпайбы. Бийликте таянычы бар үчүн ошентип айткан да, эгер криминалдан бирөө келип ошентсе Бакиевдер андайга жол бермек эмес.

Букашева: Акаевдин тушунда сиз абакта узак отурдуңуз, Тургуналиевди ал өзү мунапыс менен боштондукка чыгарды.

Кулов: Мени Акаев отургузганы менен, бул жерде жеке маселелер ойноп кеткен. Акаевдин башкаруу системасында андай болбошу керек эле. Атамбаевде болсо өкүнүчкө, бийликтен кетерге жакын анда дагы узакка калуу, болгондо да көшөгөнүн артындагы Ден Сяопин же рухий баштооч болуп алган Аятолла Хомейни сындуу мурдагыдай эле эч нерсеге жооп бербей башкаруу тизгинин колдон чыгарбоонун аргасын жасады. Муну ишке ашырыш үчүн тиги Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны жазалоочу курал кылып, анын падышалыгына каршы болчуларды басып коюуга киришпедиби. Сегизбаев менен Жолдубаева иштеп турганда бу атайылап уюштурулган иш экенин ачык айттым, саясий жагдай боюнча ушу азыр абакта отурушкан Өмүрбек Текебаев менен Элдик парламент мүчөлөрүнө, Канат Исаевге, дагы башкаларга кылмыш иштерин оперативдүү кызматкерлер жалган жалаа менен жасаганын билдиргем.

Букашева: Башкача айтканда, сиздин оюңузча, Атамбаев президент катары Акаевдин бучкагына да тең келбейби?

Кулов: Кудай салбасын, дагы ушундай Алмазбек Атамбаев чыкса өлкө оңбой калат.

Букашева: Анда эмне жаңы президент, Атамбаевге байланышкан жиптердин баарын үзүп, ага каршы тура алды да саясий куугунтукта камалып жаткандарды бошотпойт?

Кулов: Бул суроону мага бербей эле коюңуз.

Букашева: Макул, анда эмне кылышы керек?

Кулов: Бул жөнүндө көп эле айттым. Менимче бул ишти туура чечиш үчүн коомдук пикирди, бул иштер бурмаланганын эске алып Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына расмий тапшырма берип, жанагы далил демиш болгон нерселерди, оперативдик күчтөрдү кантип пайдаланышканын кызматтык иликтөөгө алса эле баары бадырайып ачыкка чыгып калмак. Эгер мени ошол жерге киргизип топтолгон материалдарды карап чыгууга жыйырма күн беришсе, мага ишенип коюңуз, бул ишти алар кантип бурмалашканын кыйналбай эле таап бермекмин. Аны күтпөй деле бул адамдардын бардыгына күнөөсүн кечирүү актысын кабыл алуу керек.

Букашева: Жансакчысын, айдоочусун, пресс-катчысын жооптуу түзүмдөргө башчы кылып дайындоо, аларды сиз генерал болгондон кийин башкарып калбадыңызбы, менимче, мамлекетти шылдың кылуу эмеспи?

Кулов: Бул өз элин кордоо.

Букашева: Чүй боорунда, сиздин жердештериңиздин арасында ал дагы бир төңкөрүш жасоого даярданып жатат деген миш-миштер чыга баштады.

Кулов: Кандай десем, жердештерим менен мен деле сүйлөшөм. Минтип айтар элем, ойлонуунун эч зыяны жок. Бирок ал дагы бир шойконду баштай турган болсо бул анын соңку ыры болуп калат, андан тор зымдын артында калышы оңой эле. Андай кылбашты айтар элем.

Маектин орус тилиндеги толук вариантын бул жерден көрүңүз.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу