Кулов маркум Рысбекти табалаганын неге токтотпой келет?

Белгилүү журналист Бермет Букаше­ванын “Бийлик сырлары” автордук про­граммасында экс-Феликс Кулов менен ке­нен маек куруп, Кулов адаттагыдай өзүн сүттөн ак мыкты жетекчи, накта генерал катары көрсөтүп армансыз мактанып ал­ды. Бирок, турмуш чындыгында анын пи­арщиктери тарабынан ойлоп табылган «темир генерал» деген каймана даражасы эл ичинде эбак эле «картон генгерал» бо­луп калганы качан.

Айтмакчы ошол ма­ектин жүрүшүндө Букашеванын «Рысбек­тин тапанчасынын кароолунда сиз турга­ныңызды кезинде Акматбаев өзү бизге айтып берди эле» деген маанайдагы суро­осуна теригип кеттиби же журналисттен күткөн башкы сууроолордун бири ушул беле, (балким башка да себептери бар­бы) ал маркум болуп кеткен криматалык Рысбек Акматбаевди Букашева менен болгон маегинде да болушунча коркок жана коркунучтуу адам катары каралап өттү.

Ошондой эле өз пикиринде «мен болгонун болгондой айтып берейин, чынымды айтайын, мен аны атып салгым келген. Кудай бар, андай күнөөгө батка­ным жок, аны өзүнүн эле адамдары атып кетишти. Буга Бакиевдердин катышы бардыгын айта албайм, бирок алар анын жок болушуна кызыкдар болчу» деген ойду да кыйытып өттү. Ф. Кулов так эле ушундай өзүн-өзү көкөлөткөн маегин ала жазда «Жаңы Ордо» гезитине берип, ан­да да Рысбек Акматбаев туурасында терс пикирин билдирип, жаны жаннатка кет­кен адамды мазактагандай эле болгон.

Ал маек гезитке жарыялангандан көп өтпөй андагы маектин бир топ жерлери калп экенин Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМдин экс-министри Зарылбек Рыса­лиев Жогорку парламент трибунасында туруп ашкерелеген.

А балким Кулов дагы деле кимдир бирөөгө (балким Азиз Бату­каевге) жагыныш үчүн Р. Акматбаев туу­ралуу пикирин улам эскиртпей мүмкүн­чүлүк болгон жерден эле айта калып жүр­гөнүнүн себеби ушундадыр? (балким?)

Кантемир Исаев, Бишкек шаары

Булак: «Айгай»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу