Кулов: Атамбаев абайлап сүйлөшү керек

Саясатчы Феликс Кулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалындагы маегинде азыркы бийлик жөнүндө айтканы боюнча “Азаттык” радиосуна комментарий берди.

— Азыр мага жөнөкөй жаран чалды. “Азыр Бакиевдин заманы келди, камамак турсун, атып салат деп жатпайбы, коркуп жатам” дейт. Мен айттым, эч кандай далил жок, эмоцияга алдырган сөз деп. Бирок, далил барбы-жокпу, бул жөнөкөй адам эмес, ал экс-президент. Ошондуктан Атамбаев ушундай сөздөрдөн сак болушу керек.

Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келе жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда «Апрель» каналына маек куруп, азыркы бийликти Бакиевдин жолуна түштү деп айыптады.

Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу