Куловдун айтканына чычалабагыла

«Азаттыктан» жакындан бери чыгып жаткан Бермет Букашеванын «Секреты власти» деген автордук берүүсүнө конок катары чакырылган «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов көп нерсени ачыктады. анын айткандарынын арасынан «Дагы бир Атамбаевге окшогонду өлкө көтөрө албайт» деп айтканы таамай болду. Генерал да оңой киши эмес. Баары жокту калчап, ушул сөздү айтса керек. Атамбаевдин тушунда өлкөнүн абалы чындыгында мышык ыйлачудай эле болгону чындык да. Кулов ошону айтып жатат. Атамбаевге окшогон башчы кайрадан бийликке келе турган болсо, анда өлкөнүн келечегин элестетүү кыйын. Карайлап жол таппай каларыбыз турган иш.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу