Кулматов курган мектеп алтынданбы?

ЖК комитетинде депутат Данияр Аттокуров: “Калыс-Ордо” конушундагы мектеп иштеп жатса эле, мурунку мэр Кубанычбек Кулматовду эмнеге отургузуп коюшту”, – деп балп этти. Анын айтымында мектеп мыкты экен. Булар депутаттык креслого отурганда эле акылынан айнып калышабы? Кулматов ал мектепти чөнтөгүнө салып кетмек беле? Курулган мектеп турат да. Маселе башкада, мектепти курган баасы канча жана сапаты кандай? Биздин маалымат боюнча Кытай тарап мектеп курууга 2 миллион сом бөлүп берген. Ал аз келгенсип, Бишкек шаардык бюджеттен 124 миң сом бөлүнгөн. Жалпысынан бул сумма 266 миллион сом, АКШ доллары менен 3 жарым миллион доллардан ашык каражат кеткен. Бул эмне деген акча? Башкы план боюнча Кытай берген 2 миллион долларга алыскы райондорго 2 мектеп курулмак экен. Бирок алкымы бузулган Кулматов аны да башкаларга ыраа көрбөй, өз билемдиги менен Бишкек шаарына калтырып, жардамга келген акчаны каалагандай колдонушса керек. Алдын ала маалыматтар боюнча элементардуу түрдө мектептин курулуш боюнча сметасы да жок экен.

Мектептин курулушу 2017-жылы август айында бүтсө, аны курууга уруксат кагазы 2017-жылдын 31-октябрында берилген. Демек бул жерде “бармак басты, көз кысты” кылып, Кулматов бийликте турса эптеп жымсалдамай кылышаары ачыктан-ачык көрүнүп турбайбы. Болбосо салыштырмалуу айта турган болсок, быйылкы жылы жаңы ишке берилген Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушундагы 1000 орундук мектептин курулушуна 245 миллион сом сарпталган. Ал эми андан бир жыл мурун ишке берилген Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы 750 окуучулук мектеп 154 миллион сомго эле курулган. Эми бул мектептерге кеткен акчалардын айырмасын салыштырып көргүлө. Мына ушундай одоно мыйзам бузуулар оркоюп көрүнүп турса дагы, Данияр Аттокуровдун жеп-ичерлерге адвокат болуп жатканын кандай түшүнсө болот? Же болбосо ал дагы алар менен бирге болуп, желген акчалардан ооз тийип калганбы?

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу