Кулматовдун “Райым-миллион” жөнүндө айтканы – жомок экен! Фактылар…

Кечээ КР Мамлекеттик бажы кызматынын жакында дайындалган төрагасы Алмаз Онолбеков, биринчи орун басары Шамиль Бердалиев, орун басары Нурлан Ражабалиев, төлөмдөр боюнча башкармалыктын башчысы Алтынбек Торутаев тармактагы иш өңүтү жөнүндө маалымат жыйын курушту.

Бажы башчысы А.Оңолбековдун маалыматы боюнча, 2018-жылдын май айына карата бажы төлөмдөрүн чогултуу болжолу 3 млрд 500 млн сомдун чегинде белгиленген. Факт жүзүндө 3 млрд 608,7 млн сом бажы төлөмдөрү чогултулган, б.а. болжол 103,1 пайызга аткарылган же болбосо казынага 108,7 млн сомго көп каражат түшкөн. 2017-жылдын май айына салыштырмалуу өсүү темпи 128,2 пайызды түзүп, 792,7 млн сомго көп бажы төлөмдөрү чогултулган.

Журналисттер биринчи кезекте бажы тармагынын жаңы жетекчилеринен Кулматовдун “ийгилиги” жөнүндө сурашты. Эске салсак, 2017-жылдын декабрында бажыга башчы болуп келген К.Кулматов 5-февралда ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковго жолугуп, өткөн айда бажы төлөмдөрүн чогултуу планы 146 пайызга аткарылганын кабарлаган. “Ушул тушта Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогултуп жатат. Мурда болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналчу. Ал эми Борбордук бажыга бир ай мурда күн сайын 30 миллиондой сом түшүп турса, азыр ал 60 млн. сомго жетти”,- деп кубанган эле Кулматов. Муну менен Сапар Исаков Кулматовго кошулуп, эл ичинде “Райым-миллион” атыккан КР Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго “коррупционер” атын жабыштыргысы келген. Коомчулук да ортодогу айырманы көрүп, күн сайын 10 миллиондогон сом Ош бажысынан уурдалып, Райым аны жеп жаткандай кабыл алган.

КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев Кулматов маалыматты эмне себептен түшүнүксүз багытка буруу менен бергенине таң калуусун жашырган жок. Анын айтымында, 2018-жылдын январь жана февраль айларында чек аралардагы кырдаалга байланыштуу товарлардын импорту кескин түрдө жогорулап кеткен. Кыргызстандын аймагына бул аралыкта 413 млн долларлык товар импорт болуп кирген, бул 2017-жылга салыштырмалуу 94 пайызга же дээрлик 200 млн долларга көп. Анын 70 пайызы, же 301 млн доллар каражатты түзгөн импорттук товарлар Кытай аркылуу кирген. Мисалы, Торугарт, Иркештам багытында 3809 даана жүк ташуучу унаалар өткөн, бул 441 бирдикке көп. Жалпы өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу, 61 тоннага көп товар кирген. Андан тышкары, Өзбекстан менен карым-катнаш жакшырып, 16 млн доллар көлөмүндө товарлар өткөн, бул 2017-жылдагы январь-февраль айларына салыштырмалуу 65 пайызга же 6 млн долларга көп. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да түшүүлөр өскөн. “Мен бирөөлөр жөнүндө терс сөз айта албайм. Көрүнүп тургандай, январь-февраль айларында бажы төлөмдөрүнүн өсүүсүнө объективдүү себептер болгон. Жүк ташуу көлөмү көбөйдү. Ага шарт эмне себептен түзүлгөнү белгилүү. Сиздер атын атаган инсан эмнеге мунун баарын саясатка айландырганын айта албайм. Мына мисалы анда биз быйылкы апрель айын алсак, унаалар 2017ге салыштырмалуу көп кирген менен, төлөмдөр аз жыйналган. Демек, эч качан бир айдын жыйынтыгы менен мактанган туура эмес. Жарым жылдын, бир жылдын жыйынтыгын алганда баары билинет. Биринчи ай экинчисинен көз каранды. Мисалы, Россиядагы футбол чемпионаты да төлөмдөрдүн түшүүсүнө терс таасирин тийгизет. Биз тышкы факторлорго көз карандыбыз. Анан эле элдин башын айлантуунун эмне кереги бар эле?”,- деди Нурлан Ражабалиев.

Бажы кызматынын жетекчилигинен Райымбек Матраимов иштеп турган убакта Ош бажысынан канча каражат чогултулуп турганын да сурадык. А.Онолбековдун айтымында, 2017-жылы Ош бажысынан 2 млрд 556 млн сом бажы төлөмдөрү жыйналган. Болжолдуу план 198 пайызга аткарылган. 2016-жылга салыштырганда – 1 млрд 488 млн сом көп акча каражаты түшүрүлгөн. Айына 243 млн, күнүнө 12 млн сом түшүп туруптур демек.

Эсте болсо, Кубанычбек Кулматов бажыдан кызматтан кетип жатканда жаңы бийликтин ыкмаларына нааразычылык көп экенин, аны менен кошо кызматкерлер массалык түрдө кетүүгө камынып калганын айткан. Бажы башчысы Алмаз Онолбеков массалык иш таштоо жөнүндө бир да сөз жок экенин бышыктап, ал келгенден бери бирин-экин адам гана жаш курагына байланыштуу өз арызы менен гана кызматын тапшырганын бидирди.

Ошентип, жыл башында Кулматов менен Исаков “шоу” уюштурганда ЖК депутаты Исхак Масалиевдин: “Муну иликтеп туруп, анан «коррупция» же «коррупция эмес» деп айткан туура. Эгер жүк ташуу көбөйсө, бажы төлөмдөрү көбөйгөнүнүн объективдүү себептери болсо, анда каяктагы коррупция? Бүгүн бажы тармагында илгеркидей коррупция кыла албайт. Баары электрондошуп жатат. Кубанычбек Кулматов «электрондук отчет тапшырганга өткөнбүз» деп айтпады беле. Ал Бажы кызматын төрт жыл башкарды. Алмазбек Атамбаев «бажы төлөмдөрүн бир топ эсе көбөйттүк» деп канча жолу айтты. Ушундай учурда «Ош бажысы буга чейин он эсе аз топтоп келген» дегени чындыкка коошпойт деп ойлойм. Бажы төлөмдөрүнүн көбөйгөнүнүн объективдүү себептери болушу мүмкүн. Эгер Ош бажысын кылдат текшерип, «буга чейин он эсе аз чогултуп келген» деп аныктап чыкса, ошондо гана ага кол чаап баа берсек болот”,- деп айткандары жүз пайыз туура болуп чыкты. Көрсө, Кулматов менен Исаков жөн эле элдин башын айландырып, өздөрүн жакшы жагынан көрсөткүлөрү келген экен.

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу