КУЛМАТОВДУН КУТУРГАН УУЛУ МИЛИЦИЯГА БАШ ИЙБЕЙ КАЧКАН

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп, Кыргызстандагы бир топ байлардын бизнесинин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, мунусу менен бийликтегилерге жагып, алар менен коюн-колтукташ болуп жүргөн Кубанычбек Кулматовдун уулу “кутуруп” жүрүп кармалыптыр.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, 14-июлда жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда унаасын учура айдап келе жаткан Каныбек Кулматов патрулдук милиция кызматкерлерине баш ийбей, качып кеткенге үлгүргөн. Анысы аз келгенсип Toyota Camry үлгүсүндөгү Кулматовдун унаасы толугу менен караңгылатылган болуп чыккан.

Айланма жолдон Токмок шаарынан качкан айдоочу Кеминге жеткенде кармалган.

Атасынын даражасына көпкөнбү же көзүн май басып калганбы айтор өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген Каныбекке карата административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга коюлганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Каныбек Кубанычбек Кулматовдун биринчи жубайынан төрөлгөн уулу. Учурда Наталья Кулматова Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу