Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовду мектептин курулушуна байланыштуу иш боюнча тергөө абагында кармоо мөөнөтүн келерки жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн 28-январда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
— Жактоочулар иштин материалдары менен таанышып алуусу үчүн тергөө мөөнөтү жана Кулматовду тергөө абагында кармоонун убактысы 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды. Иш сотко өтө элек.
Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматовго эки кылмыш иши боюнча айып тагылган. Биринчиси борбор калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, ал эми экинчиси паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу. Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртып алынганы кабарланган.
Жогорку Соттун соттук коллегиясы 27-декабрда Кулматовду 31-декабрга чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун токтомун жана шаардык соттун аныктамасын күчүндө калтырган.
Ошол эле күнү райондук сотто тергөө мөөнөтүн узартуу маселеси каралган.
Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү («Коррупция») боюнча иш козгогон УКМК тергөө 17-декабрда аяктаганын кабарлаган.
Булак: Азаттык