Кулматовдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралат

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу