Кулматовдон кийинки эле Кудайдын эркеси Зилалаев

Деги ушул Дүйшөнбек Зилалиев жөн жүрө албаган неме экен. Кайсы жерге, кандай кызматка барбасын артынан чуу чыгат. Мөңгү, “Лигласс”, эми болсо “бомба” Кытай компаниясына таандык “Лексус-570” машина.

Ушундай баскан изи мандемдүү, куйругунда калбыры бар немени эмне улам бир кызматка коюп эркелетишти? Кыргызстанда Кубанычбек Кулматовдон кийинки эле Кудайдын эркеси ушул Зилалиев болду. Мына Дүйшөнбек Зилалиев минип жүргөн “Лексус-570” машинасы пайдалуу кендерди чалгындоо менен алектенген кытайлык “Тун Лин” жоопкерчилиги чектелген коомунда катталган экен.

Сыягы, Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетин жетектеп турганда, кандайдыр бир жолдор менен өзүмдүк кылып алса керек. Анан уялбай, көптөн бери минип жүргөн машинасын “Жардамчым убактылуу пайдалануу максатында досунан сурап алыптыр” – деп карандай калпты ышкырып, “Жардамчыга катуу кызматтык жаза берилди” – деп оозун куу чөп менен аарчып жатат.

Бул эргулдун 15332 ВК номерлүү, Кытай компаниясына таандык делген “Лексус-570” машинеси менен жүрүп, президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы боло турган күнү президенттик кортеж өтчү жолго бомба коюлганы жөнүндө жалган билдирүү жасаганы билинип калган жайы бар. УКМК бул боюнча кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат. Ушундай жоопкерчиликсиз адам кантип жогорку кызматта отурат?

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу