Кулматовго кылмыш иши козголуп, үйүнө тинтүү жүргүзүлдү/

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийликтин «эрке талтаңы» атыгып, жалаң майлуу кызматтарды жетектеген Кубаныбек Кулматов жакында бажы башчылыгынан алынган. Кошаматтан кол жуугандан көп өтпөй, коррупцияга шектелип үйү тинтүүгө алынды.

Учурда «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргызстандан эч жакка чыкпоо талабы менен УКМКга сурак берип жатат. Бирок мындай абалын Кулматов: «Коррупцияга илине турган эч кандай мыйзамсыз иштерди аткарган эмесмин. ТБЕАнын эсебинен мектеп салдыруу шаар бийлиги менен өкмөттүн, Жогорку Кеңештин биргелешип чечүүсүнен кийин ишке ашкан. Үйдү тинтүү операциясын мен психологиялык басым катары кабыл алдым. Анткен менен шектүү эч нерсе табылган жок. Мунун баары саясий көз караштан келип чыккан эле иштер болуп жатат. Мектепти салууда коррупция болгон эмес, аны ТБЕА өзү салган» — деп безилдөөдө. Эми акгыгын же күнөөлүү экенин тиешелүү органдар иликтеп, укуктук баасын берет.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу