Кулкуну чоң Кулматов мектепке бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз жумшаган.

Бүгүнкү күндө экс-чиновниктер – С. Исаков, К. Кулматов, А. Калиев, С. Авазов, О. Артыкбаев, Ж. Сатыбалдиев, А. Ибраимов жана башкалар эмне үчүн тергөө абагында жатышат? Мунун себеби жалпы коомчулукка жакшы дайын. Аларды эч негизи жок, жөн эле колунан жетелеп барып, тергөө абагына отургузуп коюшкан жок. Алардын ар бирине олуттуу айып коюлган. Негизи аттары аталгандардын дээрлик баары (А. Ибраимовдон башкасы) Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу жойлоп кеткен ири коррупция боюнча айыпталышууда. Мисалы, мурдагы премьер-министр С. Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык компаниянын кызыкчылыгын кызматтык абалына таянып коргогону, К. Кулматов ТЭЦти модернизациялоонун алкагында аймактарга мектеп куруу үчүн деп бөлүнгөн 2 млн долларды максатсыз пайдалангандыгы, Ж. Сатыбалдиев ошол модернизациялоо боюнча келишимди түзүүдө алешемдиктерге жол бергени үчүн тергөө абагында жатат. Ал эми Бишкек шаарынын экс-мэри А. Ибраимов “ТНК Дастанды” башкарып турганда мамлекетке ири суммада зыян алып келген келишим түзгөнү үчүн айыпталууда. Андан башка кылмыш иши бар. Айтор, бул отургандардын баары мамлекеттик үлкөн кызматтарды ээлеп туруп, ээлеген кызматтарын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жиберишкендер. Бир кычкачтын баасы 640 долларга чыккан ишке катыштыгы барларды кантип таза иштешкен деп айтууга ооз барат? Андыктан мына ушундай мамлекетке ири суммада зыян алып келген иштерди жасагандарды жердешчилик, тууганчылык үчүн же кандайдыр бир төлөнгөн акча каражаттары үчүн коргоп, “боштондук бергиле”, “саясий куугунтук болуп атат” деп кыйкырып чыгуу – өз мамлекетибизге жасаган чыккынчылыгыбыз болуп калат. Бул аттары аталган экс-чиновниктерге саясий куугунтук жасагыдай, алар оппозиция өкүлдөрү эмес болчу. Алар бүгүнкү бийликтин оппоненттери да эмес эле. Тескерисинче, бир командада жүргөн чиновниктер эле. Демек, бүгүнкү күндөгү коррупцияга каршы күрөштө эч кимге айоо болбостугун, калкалоого алынбастыгын түшүнө берсек болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу