КУКЛОВОД: ЫР МЕНЕН ЧЫРДАН ТАЖАГАН АТАМБАЕВДИН АЛДЫДАГЫ КАДАМДАРЫ …

Экс-президент кетип жатып «чынын айтсам акыркы алты жылда аябай чарчадым» деп агынан жарылган. Чарчабай коймок беле? Тышкы саясаттын «боткосу» чалынып,  өзү айткандай, ак дилинен айткан сөзүнө Нурсултан Назарбаев теригип, анын айынан карапайым эл жабыркады.  Ички саясат болушунча «боркулдап», мыйзамсыз камалган саясатчылардын айласын таба албай жатышса «Лигласс» баш болгон маселелер жаралып кетти. Ал жетпей калгансып, экс-президент ЖМКлар менен соттошуп, акыры 30 миллиондук «олжо» көрүп отуруп калды.  «Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» дегендей жарандык коом жаалданып кетсе ал миллиондор Атамбаевдин колуна тиеби же жокпу бул өзүнчө суроо.

Акыры «тойдум байдын кызына» дедиби, айтор Алмазбек Атамбаев жаӊы жылдын алдында ыр жазып, клип чыгарып, чыгармачылык менен алек болуп кеткен. Алты жылдан бери эл башкарып көнүп калган экс-президенттин эсине акырында ар нерсе түштү окшойт, айтор аркы айда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы саясий кадамдарын аныктай турган курултай өтөөрүн жарыя кылган. Тактап айтканда, КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов   партиянын курултайы  өтөрүн айтып, анда бир гана маселе – КСДП партиясынын баш катчылыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин бекитүү маселеси караларын жарыялаган эле.

   Бирок, декабрь айына, кийин январь айына дайындалган бийликтеги партиянын жыйыны эми февраль айына жылдырылганы айтылууда. «Кандай кылса деле казанчынын өз эрки» эмеспи, элдин бүйүрүн кызытканы экс-президенттин эмдиги кадамдары болууда.

Анткени,  мурдараак, кызматтан кетээр алдында Алмазбек Атамбаев саясатта каларын жана партиясын жаңылап чыгуу менен алек болорун айткан эле. Мындан улам айрым саясат талдоочулар “Атамбаев КСДП партиясын алдыдагы парламенттик шайлоого даярдайт” деп жыйынтык чыгарышкан.

Оппозиция дагы өз билгенин жоромолдоп, партиянын башына келсе, Алмазбек Атамбаев тизмени баштап шайлоого барат,  парламенттеги башкаруучу көпчүлүк коалицияны жетектеп туруп парламентти таратып, партиясы аркылуу кайрадан бийликке келет дешти.

Ал эми КСДПчылар учурда «оппозиция оозуна келгенин айта берет»  дегенди Анвар Артыковдун жана башкалардын оозу менен айттырышууда.  «Алар Атамбаевдин “партияны

башкарам” деген сөзүнөн эле чочулап жатышат, таратмак түгүл, андай сөздүн өзү жок.  Партиянын негиздөөчүсү Алмазбек Шаршенович болот. Ал киши президент болуп турганда партиядан тышкары жүрдү. Эми ал киши коомдук ишмер болгондон кийин аны партиянын делегаттары башчылыкка шайлайт болсо керек. Партияны башкарганы барса, анын эмнеси жаман экен» деп ийнин куушурган Анвар аксакалдын сөзүнүн төркүнү башка жакта экенин бары эле билип турушат.

   Анткени,   «Атамбаевдин көчүн» улантуу менен ишин баштаган Сооронбай Жээнбековдун кадр саясаты учурда эки ача кетип, Өкмөттүн курамы аны толук канааттандырбай, «ажыдаардын эки башындай» абал түзүлүп калганын карапайым калк көрүп эле турат.

«Ары тартса, араба өлүп, бери тартса өгүз өлүп» дегендей кырдаалдан  Сооронбай Жээнбеков кантип чыгат аны убакыт көрсөтөт. Ал эми «Апрель» каналын ачып, алдыда курултай өткөрүүгө даярданып жаткан КСДПчылардын аракети экс-президент алыс кетпей эле «КУКЛОВОД»  боло турганын тастыктоодо. Бекеринен, экс-президент «Соке менин досум, биз айткан жолдон чыкса өкүнүп калат» деп элдин көзүнчө зекиген эмес. Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктоодо батыл иштерге батынбай жатканы мына ушуну каӊкуулайт. Эл күткөн президент болом деген ниетте болсо, Сооронбай Жээнбеков буга чыдабашы мүмкүн. Чыдай берсе, андан учурда көптү күткөн элдин тилеги таш кабат.

Айта кетүүү жагдай, айдын башында президент Коопсуздук Кеӊешинин жетекчисин баш кылып кабыл алып, элдин үмүтүн жандырган эле. Укук коргоо тармагынын жетекчилерин тегиз кабыл алган соӊ, ириде укук коргоо, коопсуздук жана чек ара  маселесин колго алып  иш баштайт деп турушкан.

  Бирок, түшүнүксүз жагдайда  Коопсуздук кеӊешин жетекчиси эки ай иштебей кызматтан кетти. Коопсуздук кеӊеши өтө турганы тууралуу кеп  дагы токтоп, президент «2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялап, Жумгал менен Кочкорду кыдырып чыкты.   Эми минтип, Тажикстанга иш сапарын баштап отурат. Айтор, түшүнүксүз жагдайлар арбын.

Жалпылап айтканда, жаратылышынан ирээттүү иш кылган Сооронбай Жээнбеков мындай жыйнактуу эмес иштерден четтемек. Мунун өзү ыр менен чырдан тажаган Алмазбек Атамбаевдин алдыда «өзү билемдикке» салып, өзүнө жаккан иштерди таӊуулоонун аракетин көрүп жатканынан кабар берет….

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу