Кудайга жакпаган иштери үчүн эртен эле жооп берүүдөн чочулашуудабы?..

Бүгүнкү бийликтин күнү бүтүп бараткандыгына көзү жетип калыштыбы же өздөрүнүн
мыйзамга да, Кудайга да жакпаган иштери үчүн эртен эле жооп берүүдөн
чочулашуудабы, айтор майлуу-сүттүү кызматынан “өз арызы менен” бошогон
чиновниктер көбөйүүдө Булардын бири Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек
Бейшекеев десек болот. Ал 21-июлда өз арызынын негизинде кызматынан кеткендиги
белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кубанычбек мырза пенсияга
чыккандыгына байланыштуу арыз жазыптыр. Албетте, жаш курагы жеткенде пенсияга
чыкса болот. Бирок мындай майлуу-сүттүү орунду оңой эле бошото койгондун бир
жүйөлүү себеби жокпу? Башкасын мындай коёлу, айтылуу “Ата Мекен” партиясынын азыр
“кылым соту” жүрүп аткан Ө.Текебаевге карата айыптар дал ушул Бишкек прокуратурасы
тарабынан коюлуп жатпайбы. Азыр баарыбызга эле бир гана Ө.Текебаевге эмес,
С.Жапаров, Б.Талгарбеков, Б.Асанов, К.Кадыров жана башка кыргыздын бычакка caп
жигиттерине прокуратура тарабынан саясый айып тагылып, “репрессия” болуп
жатышпайбы. Анткен менен ошол эле Ө.Текебаевдин россиялык өзү шылуун
Маевскийден 1 млн. доллар алгандыгын далилдей албай мыш болушууда. Ошондуктан
бийликтин буюртма тапшырмасы менен чындыктын ортосунда чайналгандар “өз эрки
менен” чөгүп бараткан кемени таштай качышууда.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу