Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында жигити экөөнүн апасы чатакташып жатканы баяндалат.
Саламатсызбы! 18 жаштамын, шаардын алдыңкы окуу жайларынын биринде окуйм. Жакында эле, жигитим экөөбүз баш кошууга ата-энелерибиздин ыраазычылыгын алганбыз.
Андан кийин эле, апаларыбыздын ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болуп, “тойду токтоткула”,- деп жатышат. Жигитим, “үйлөнөбүз”, — деп өзүнүкүн бербейт.
Апамдын сөзүн жерге таштай албайм, жигитимди да сүйөм. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.
Ильдар Акбутин, психолог
Урматтуу окурман, паспортуңуз бар болсо — жашоосу жөнүндө өз алдынча чечим чыгара алат дегенди билдирет.
Албетте, үй-бүлөлүк жашооңор ушундай окуялар менен башталып жатканы өтө жакшы эмес. Мүмкүн, ызы-чуу бир аз басылганча, үйлөнүү тоюн кечиктирип туруу керек.
Ата-энеңер элдеше турган болбосо, тагдырыңар кандай болоорун жигитиң экөөң гана чечесиңер. Эгер алар силерди сүйсө, анда ортолорундагы чыр-чатакка карабастан, экөөң тарапта болот.
Адатта, жакшы көргөн ата-энелер, карама-каршы тарапка кандайдыр бир таасир берүү үчүн, нике жана силер менен манипуляция кылбайт.
Сиздин ата-энеңиз (18 жашта экениңизге карабастан) жеке жашооңузга кирип, аны башкарып эмес, сунушун айтып же кеңешин гана бериши мүмкүн.
Ата -энеңер жеке пикириңер менен сезимдериңерди четке какса, алардын эмне деп айтканы маанилүүбү?
БУЛАК: bilesinbi.kg