Кубат Оторбаев: “Эч ким кызматты атасынан энчилеп алган эмес”

Жергиликтүү маалымат сайттардын бирөөсүнө акыйкатчы Кубат Оторбаев жөнүндө
макала жарыяланды. Ал макалада Кыргызстандын башкы Акыйкатчысы Кубат Оторбаев
жакынкы күндөрү парламентте отчёт бере тургандыгы белгиленген. Ал өзүнүн отчётунда
ЖК депутаты Канат Исаевдин камалышын саясый куугунтук катарында сыпаттап бере
тургандыгы жана Кубат Оторбаев Акыйкатчы институтун бизнеске айлаттыргандыгы
жазылган. Бул тууралуу Кубат Оторбаевдин өзүнө кайрылып оюн билдик.

-Бул ушак. Карандай калп. Журналисттик этиканы сактабаган, заказ менен иштеген сайт деп ойлоп
калдым. Өткөн жылы биз 15238 жарандын укугун коргодук. Анын ичинен 3800 арыз келди. Мындан
сырткары, 9790 жаранга оозеки юридикалык жардам көрсөттүк. Биз жарандардын баарына бекер
жардам беребиз. Бул жерде эч кандай бизнес жок. Айлык 10 жылдан бери көтөрүлө элек. Акыбалы
оор. Ушул жерде иштеген кызматкерлерге рахмат айткандын ордуна бөйрөктөн шыйрак чыгарып
жатышат.

-Демек, Жогорку кеңеште Канатбек Исаев кармалгандыгын саясий куугунтук деп
сыпаттап бербейсиз да?

-Канат Исаев жөнүндө маселе көтөрүлбөйт. Ал 2017-жылда кармалган. Мен Жогорку Кеңешке 2016-
жыл боюнча доклад берем.

-Мындай каралоо Сиздин кызматыңызга көз артып жаткандардын кылыгы эмеспи?

-Эч ким кызматты атасынан энчилеп алган эмес. Жогорку Кеңеш өзү шайлап алган кызмат. Мен
барып докладды берем. Адам укуктары боюнча абал оор. Бул жерде Акыйкатчы күнөөлүү эмес.
Бийлик органдары, ошол маселелерди чечпей жаткан тиешелүү мамлекеттик органдар күнөөлүү.
Бийликке анча мынча сын айтып койсо эле, Акыйкатчыны жумуштан алыш керек деген жаман адат
болуп калган. Менин кызматымдын милдети болгонун болгондой айтыш керек. Мен көйгөйлөрдү
айтканга милдеттүүмүн. Кыргызстанда балдардын , кыздардын, кары картаңдардын, мигранттардын,
кыргыз -казак чек арасында турган ишкерлердин укуктары тебеленип жатат. Биз муну айтышыбыз
керек. Биз айтпасак ким айтат. Биз бюджеттен акча алып жатабыз. Кайсыл жерде мыйзам бузулса
биз айтышыбыз керек.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу