Кубат Болотканов: «Эгер биз, президентти орус тилин жакшы билбейт деп күнөөлөй турган болсок, анда кыргыз мектептерин жабалы»

Президенттин пресс-конференциясы аяктагандан кийин социалдык түйүндѳрдѳ Сооронбай Шариповичтин орус тилин билген, билбегени боюнча бир кыйла талкуулар жүрүп, ар түркүн ойлор айтылды. Ошолорду окуп олтуруп, мен да тил маселеси боюнча ѳз оюмду айтып коюну туура кѳрдүм.
Негизи, Кыргызстандагы жалпы 2236 мектептин 1423 мектеби б.а. 75 пайызы (!) кыргыз тилинде окутат. Орус мектептеринин жалпы саны болгону 216 ны түзѳт. Бу деген жалпы мектептердин 10 пайызына да жетпейт деген сѳз. Калган мектептер ѳзбек (43) жана тажик (3) тилдеринде окутат.
Демек, кыргыз тилинде окуган 75 пайыз окуучулар жалан кыргыздар, мындайча айтканда ѳлкѳбүздѳгү 10 кишинин 8 и кыргыз мектепти аяктайт. Ѳлкѳбүздѳгү калктын 66 пайызы же 4 млн. 66 мин киши айыл жергесинде жашарын баса белгилеп койоюн.

Эгер биз Президентти орус тилин мыкты билбейт деп күнѳѳлѳй турган болсок, анда, мамлекеттеги 1423 кыргыз мектептерин жаап, баарын орус тилдүүгѳ айланталы. Андан тышкары, ЖОЖдордогу кыргыз группаларды да жоюп, орус тилинде гана окуй турган кылалы. Дегеле, ѳлкѳ башчысы эмне үчүн орус тилин мыкты билиши керек? Ал кыргыз тилин билип, кыйратып иштеп берсе болду да. Эгер ал кыргыз тилин билбей жатса, ошондо аны таламайга алсак жарашат. Орусчаны укмуш сүйлѳгѳн президенттерди да кѳргѳнбүз. Пресс-конференцияда Президент орусча суроо берген кыргыздарга «Сурооңду кыргызча бер. Мен орусча билгенге милдеттүү эмесмин. Кыргызстандын калың элине жеткиликтүү болушу үчүн кыргыз тилинде гана сүйлѳйм. Кыргызча билбегенинер үйрѳнгүлѳ» деп салса болмок. Эл жапырт колдомок. Президентти орусча суроолорго кыргызча жооп берип салды дегенибиз, ѳз тилибизди сыйлабастык. Эгемендик алганыбызга 30 жылга чукулдап калса да, баягы эле эски стереотиптерден арыла албай, күн карамалыгыбыз калбай келет. Дал ушундай ѳксүк комплекстерибиздин айынан Башмыйзам, калган мыйзамдар да, расмий документтер, адегенде, орус тилинде жазылып, анан кыргызча которулуп келет.

Убагында КМУУнун юридикалык факультетинде окуп, окутуучу болуп иштеп, айылдан келген балдардын орус тилинен катуу кыйналарын байкаганым бар. Байкуш балдар билген нерсесин да орусча түшүндүрүп бере албай кыйла жүдѳшчү. Юридикалык адабияттар да жалаң орус тилинде эле. Кийин президенттин администрациясында иштеп жүрүп, ал жерде да орус тилдүүлѳргѳ артыкчылык берилерин байкадым. Кийин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кезимде сессиялардын орус тилинде ѳткѳнүнѳ бир топ бушайман болчумун. Бу маселени кѳтѳргѳн да учурум болгон.

Мен чоңойгон айылда бир эле Алёшка деген орус бар эле. Кыйраткансып, а да кыргызча сүйлѳчү. Андыктан, мен студент кезде, кийин ар тармакта иштеп жүрүп да орус тилинин азабын жакшы эле тарттым. Болгон айыбым, кыргыз болуп айылда чоноюп, кыргыз мектепти бүтүп келгеним. Ошол эле кытайдагы кытай кытай тилин, Түркиядагы түрк түрк тилин билсе болду, ал катардагы жумушчу же президент болобу, эч качан тил азабын тартпайт. Анткени ал ѳз ѳлкѳсүндѳ ѳз тилинде сүйлѳп жүрѳт. Биз болсо, ѳзүбүздү ѳзүбүз кордоп, Эне тилибизге эбегейсиз кыянатчылык кылып келатабыз. Кыргыздын уул-кыздары ѳз ѳлкѳсүндѳ ѳзгѳнүн тилин оңдуу билбегени үчүн экинчи сортко айланып, беймаза болуп жүрѳт. Мындай нерсе убагында кыргыз кадрларын ѳстүрбѳѳ үчүн жогортон жасалган атайын саясат окшойт.

Азыр эми бизди ким кой деп атат, кыргыз тилин биринчи орунга чыгарып алсак. Кыргыз тили ѳтѳ бай, Улуу «Манас» эпосун, кырктан ашык кенже эпос, дастандарды жараткан керемет тил! Биз ѳзүбүз кѳтѳрбѳсѳк, сырттан бирѳѳ келип ѳнүктүрүп бербейт.

Албетте, «Артык дѳѳлѳт баш жарбайт» дегендей орус, англис, кытай тилдерин да үйрѳнүүгѳ аракет кылышыбыз керек. Бирок, Кыргызстанда кыргыз тили биринчи орунда туруп, башка тилди билбегендер кодуланбашы керек! Мындан ары Президент баардык иш-чараларын жалаң гана кыргыз тилинде ѳткѳрүп баштаса, Ала-Тоонун күнгѳй-тескейиндеги калың журтубуздун батасын алат. Мындай кадам, ѳлкѳнүн келечеги үчүн ѳтѳ маанилүү!

КУБАТ БОЛОТКАНОВ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу