КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ: “ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН 2008-ЖЫЛДАН БЕРИ МАМИЛЕМ ЖОК”

Өлкөнүн мурдагы Башкы прокурору Кубатбек Байболов “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Азат Базаркуловдун айткандарын төгүнгө чыгарууда.

Байболовдун айтымында ал Базаркуловду  тергөө учурунда гана биринчи жолу көргөн. Ал Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп 2010-жылдын 13-сентябрында дайындалган.

-Дагы бир жолу айтайын, мен Азат Базаркуловуңарды 2010-жылы Өкмөттүн чогулушунда өмүрүмдө бир жолу гана көргөм-деди Байболов

Байболов  бул ишти билбегендигин, бул боюнча ал соттордон, маалымат булактарынан угуп, билип жатканын айтат. Өлкөнүн мурдагы Башкы прокурору, бул тигини айткан, ал муну айткан деген ушактар сотто каралышы өзү туура эместигин кошумчалайт. Ал Базаркулов эмне үчүн өзүн бул ишке аралаштыргысы келип жатканын төмөнкүчү божомолдоп жатканын, бирок калп деген калпыс болорун ал бир жерден болбосо бир жерден калкып чыгарын айтат.

 -Базаркулов деген баланы беттештирүүдө биринчи жолу көрдүм. Августтун аягында “Обама” деген кафеде жолукканбыз деп белгиледи, кечээ. Менин Башкы прокурор болуп 13-сентябрда дайындалганымды билишкен эмес же жаңылышкан. Мен ал убакта бул окуяга таасир бере албайт болчумун.
“Обама” деген кафе ал учурда трактирдин деңгээлинде болчу. Биз ошол жерге бармак белек?

Базаркулов эмне үчүн мени чиркештирип жатат деп ойлоп көрсөм, бир эле ой келет: Башкы прокурорду да чиркесек иш олуттуураак болот деген ою бар окшойт, сыягы. Эртең Базаркулов да, прокурорлор да ушул коомдо жашайт. Уят! Чиркештирбегиле. Булардын конструкциясы талкаланып жатат.
Мен өзүмө караштуу жагдайларды болгон эмес деп айта алам. Майдын ортосунда АКШдан келдим. Ал учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү анча-мынча кишилер менен сүйлөшпөй калган. Текебаев менен 2008-жылдан бери мамилем жок-деди Байболов.

Эске салсак, 4-июлда Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумга күбө катары “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов келген.

Ал эми Байболовдун айтымында, Азат Базаркулов кечээ сотто көрсөтмө берип жатып 2010-жылдын август айынын аягында, сентябрдын алгачкы күндөрүндө Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Кубатбек Байболов чогуу тамак ичип жатканын көргөнүн айткан.​

Ошондой эле Азат Базаркулов орус тилинде көрсөтмө берерин билдирип, бирок айыпталуучулар Текебаев менен Чотонов буга каршы чыгышкан.

Маалымат үчүн, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу