Кубан Шатеновго нааразычылык көп

Ысык-Көл областында областтык прокуратуранын прокурорунун орунбасары Шатенов
Кубан мырзага карата нааразычылыктар абдан көп экен. Башкасын айтпай эле коёлу,
мыйзамсыз иш алып барып, «подстава» менен адамдарды сыздаткысы келген опер
кызматкерлерине карата конкреттүү чараларды көрө алган эмес, көргүсү да келбептир.
Арыздануучу Башкы прокуратурага кайрылууга аргасыз болуп, Шатенов чыгарган
токтомду бир эмес эки жолу кайра артка кайтарган. Бирок жыйынтык чыга элек. Мыйзам
буйдаланган төөбү эмне? Учурда областка жаңы прокурор келди Таалайбеков
Майрамбек деген. Буга чейин кызматында мыкты көрсөткүчтөрдү көргөзгөн, эми ошол
жигиттен көлдүктөрдүн үмүтү чоң. «Подстава» менен иштеген милицияларды ордуна
койчу күн келер деп турубуз.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу