Кубан Мамбеталиев, публицист: Чочко жылында чолок чечимдер токтойбу?

Депутат Рыскелди Момбеков сессиядан бир суроо берди: “бир көчөгө Манас менен Айтматовдун ысымдарын бердиңер, бул экөө, эмне, чолокпу?”- деп. Мазмунун түшүндүк, формасы орой угулду, “Рыскелди мырзанын алты саны бүтүнбү?”- деген ой кетти. Залкарлар чолок болбойт, ал ошол чоң көчө чолок болуп калды, ошону экиге бөлгөн мыйзамчылар чолок экенин көрсөтүштү. Ушунчалык тарчылыктын кереги бар беле, ар бирине бир көчөдөн жетпей калдыбы? Тазбайматтын тажрыйбасынан качан кутулабыз?

Депутат жанагы суроосун башкача айтып (“эмне себептен Манас проспектин кыскартышыбыз керек жана эмне себептен Айтматовго өз алдынча проспект буюрбай калды” деп), маселени чечүү жолуна салса болмок. Ушундай жагдайда ушундай “чолок какшык” керек беле? Анан бул кимге кайрылып жатат – ысымдарды ошол сессияны кызыгып көргөн жарандар билеби? Депутаттарга кайрылбайбы – “келгиле, кесиптештер, ката кетиптир, оңдойлу” деп. Жок, антпеди, ойлонбогон “чечендиги” поэтому “чолок” эле болуп калды.

Эми ушундай тенденция уланып жатат, себеби ушундай салт башталып турат – Манас менен Айтматовду бир сызыкка тизип салуу. Чынгыз Айтматов фольклордун мурасы эмес, бул көркөм адабияттын жоокери, бул дүйнөлүк деңгээлдеги көркөм адабияттын классиги. Бул экинчи Манас эмес, себеби экинчи Манас жаралбайт. Экинчи Айтматов да жаралбайт. “Неповторимые” деген түшүнүк бар, ар бирин өз алдынча (бир казанга салбай) баалашыбыз керек.

Жакында Топчубек Тургуналиев жетектеген Манастаануу институтунда жыйын өттү, катыштым. Ажонун “Манас менен Айтматов Академиясын ачабыз” деген сөзүнөн кийин демилге жаралып, президенттин сөзүн эки кылбай, ушуну ишке ашырабыз деп “талпынуу” башталды. Ооба, ашыралы, бирок кеңешип туруп ашырбасак, дагы эле “чолок көчөнүн” жолуна түшөбүз. Жыйында “Манастаануу жана фольклор Академиясы” деп атасак туура болот эле дедим, муну жыйынга келген бир жаш манасчы колдоду, калгандары “жок, мындай болбой калды, артка жол жок (задний ход нет), ажо айтканды аткарышыбыз керек” деп жыйынтыкташты.

“Болуптур, анда конкреттүү маселени чечкиле”- дедим, идеологиядан эмес, жашоодон чыккан маселе. И.Арабаев университетинде Манастаануу институту ачылганда, бир негизги нерсени жасабай кетишкен. Институт манастаануу боюнча мулагимдерди даярдоого киришти (биринчи выпуск да болду), бирок алардын иштей турган жери жок. Мектептерге сабак берели деп барышса, бизде “манастаанууну” университеттерден кыргыз филология факультетин бүтүргөндөр бере турганын айтышып, баш тартышууда. Туура, мектептин окуу программасына өз алдынча “манастаануу” сабагын КР Билим берүү министирлиги киргизбесе, кантип “жок сабакка” мугалим болмок эле. Опять “чолок көчөнү” түзүшкөн. Азыр ушуну узартканы турушат, себеби Манас менен Айтматов Академиясы жогорку окуу жай катары түзүлсө, ошону бүткөндөр адис катары кайсы жерден иштешет – мектепте мындай мугалимге кызмат жок, университеттерде филфакты бүтүргөндөр иштейт, Илимдер Академиясында илимпоздор. Булар эми эмне кылат, буларды кайсы конкреттүү тармакка даярдашат (мамлекеттин эсебинен). Буларды опять-таки “чолок көчө” күтүп турат.

Маселени чечиш үчүн мектептин программасына “Манастаануу жана фольклор” деп окуу сааттарды бекитип, билим берүү адистердин тизмесине “манастаануу жана фольклор боюнча мугалими” деген штатты киргизиш керек. Ошого “кыргыз адабияты” деген сабактан “Манас” эпосун жана фольклор бөлүмдөрүн бөлүп чыгыш керек. Адабият болсо жалаң адабият боюнча калат, Айтматовдун чыгармалары, албетте, ушул жерде, себеби “Кыямат” менен “Саманчынын жолу” эпос эмес, “Ак кеме” менен “Ала дөбөт” фольклор эмес. Ушуну эске албай, Айтматовду эпоско тиркеп салсак туура болобу? Манас менен Айтматов Академиясын бүтүргөндөр диплом алып кайда барышат, филфакты бүтүргөндөр менен сүзүшөбү – “Манас менен Айтматовду биз окутабыз, калганы силердики” деп. Абсурд. Ар бир университетте филфактар бар, эми ошолордун катарына (мамлекеттин эсебинен) дагы бир академиялык филфак кошулганы турат…

Манас менен Айтматов Академиясын коомдук башталышта (казынадан акча албай) түзсөк, анда бул жогорку окуу жай боло албайт, бул Манас менен Айтматовду изилдеген борбор болот. Мындайга эч ким тоскоол кылбайт, себеби коомдун демилгеси. Мындай болсо мамлекетке түйшүк жок, себеби буга бюджеттен акча издебейт. Ал эми берки формасына чоң каражат керек – имараттын чыгымдары, мугалимдердин маянасы, ректордун машинеси, техникалык кызматкерлер, мебель, компьютер жана башка чыгашалар. Муну көтөргөнгө өлкөбүздүн кудурети жетеби? Акаевдин китепканасын Манас менен Айтматов Академиясына беребиз деген убада бар экен, бирок маселе бул имарат менен чечилбейт. Кеп имараттын көлөмүндө эмес, кеп аракеттин чолоктугунда. Сезимибизде бир кемчилик бар, элибиздин жетишкендиктерин эки гана ысымга байлап салып, патриотизм десек эле, “бизди Манас менен Айтматов асманга чыгарды” дейбиз. Ооба, чыгарды, бирок ушуну менен жер үстүндө эки миң кылымдар бери сакталып келаткан кыргыздарды четке чыгарабызбы? Булар, эмне, депутат айткандай, чолокпу? Кыргыз эли дүйнөнүн тарыхына ырайымсыз бийликти сүрүп салган эки революциясы менен таанылды. Ооба, Манастын арбагы колдоду, кантип колдобосун, баатырдын элесин жүрөгүндө кармаган жигиттер жүрөктөрүн окко тосуп, элдин намысын (жандарын кыйып) сактап беришти. Манас бабабыз кыргыз эли менен бийик болгон, Чыңгыз агабыз кыргыз эли менен 20-кылымдын туу чокусуна чыкты. “Элибиз менен бийикпиз, элден чыксак кийикбиз”,- деген улуу сөздү улуу акындарыбыз мурас катары урпактарга калтырган. Асман эми ыйык бойдон калат, жолубуз бүткөндө баарыбыз ошол жакка кетебиз. Ал эми жер үстүндө турганда, жердеги маселелерди чечели, чолок жасалган иштерди оңдойлу, чолок аткарылган аракеттерди сындайлы.

Ушундай кырдаал түзүлдү. Өкмөт бул академия боюнча чечим чыгара электе, Манас менен Айтматовду изилдеген инсандарыбыз (академиктер, профессорлор, сынчылар, манасчылар) өздөрүнүн ойлорун айтыш керек. Убагында айтыш керек. “Жок, биз байкап эле туралы, булар билгенин кылышсын”- деп четке чыгышса, анда иш чатак. Сен үн чыгарбасаң, мен чыгарбасам, ким чыгарат, анда жымжырт эле болобуз, анда бир эле көчө эмес, бүтүн өлкө “чолок” болот. Басалбай калабыз.

Кубан Мамбеталиев 

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу