Кубанычбек Кулматов менен Раим миллион жашыруун жолукту….

Белгилүү болгондой жакында эле Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов Өкмөт башчы Сапар Исаковго өзү тейлеп жаткан тармактагы жетишкендиктерди айтып берди эле.

Ал: “Оштогу Бажы бекетинде бир күндө 2 миллион сомго чейин акча чогулуп жатса, мен келгени ал көрсөткүчтү 15 миллионго жеткирдик. Ортодо 13 миллион сомду буудук” деген мааниде маалымат берип, бул жаңылык коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Ал тургай ошол 13 миллион сом “Раиммиллион” баштаган алкымы чоңдордун сол чөнтөгүнө түшүп жатканы айтылган.

Кулматовдун баш баканга кирип чыккан күнү кечинде Бишкек парктагы кафелердин биринде “Раим миллион” менен жолукканын көргөндөр айтышып, бизге кабарлашты. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чын экенин кабар берүүчүлөрдүн абийирине коёбуз. Маалыматка караганда алар кафеде көпкө чейин сүйлөшүп олтурушкан экен. Бирок эмнени сүйлөшүп, эмнени талкуулашты болду экен? Деги эле, экөөнүн жолукканы эмнеден кабар берет? Бажы тармагынын эки таасирдүү атка минери эмнеге жолугушканы көпчүлүккө кызык эмеспи.

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу