Кубанычбек Кулматов акыркы отурумга катышууга келбей койду

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Акыркы отурумга катышууга Кулматов келбей койду. Бир четинен аныкы да туура. Анткени, анда соттордун акыйкаттуулугуна ишеним калган жок. Кандай чечим чыгараары ансыз деле белгилүү экенин айтып, отурумга катышуудан баш тартса да, соттор отурумду улантып, күткөндөй эле анын камакта калуу мөөнөтүн кыскартуудан баш тартышты»,- деп билдирди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу