Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алдынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

— Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Тергөө уланып жатат.

Атайын кызмат кандай мүлк камакка алынганы тууралуу кошумча маалымат бере элек.

18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылган.

Тергөө маалыматтарына караганда, ал 2014-жылы калаанын башчысы болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экени айтылууда.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин билдирген — деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу