Кубанычбек Кулматовдун калпы чыкты.

УКМК Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду. Атайын кызматтын маалыматында Кулматов мындан төрт жыл мурда Бишкек шаарынын мэри болуп турганда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун негизинде мектеп куруш үчүн бөлүнгөн гранттык акчаны мыйзамсыз пайдаланган. Тактап айтканда, TBEA компаниясы эки жаңы мектеп куруш үчүн берген 2 миллион долларды мыйзамсыз колдонгон, анын 1 млн. долларын “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилиги менен жеңичинен сүйлөшүп алып жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары ошол эле мектепке Бишкек шаарынын бюджетинен 100 млн. сом бөлгөн.

Бул иште өтө чоң коррупция кашайып эле көрүнүп турат. Кыргызстандын шартында заманбап чоң мектептин салынышы 100 млн. сомду араң чапчыйт. Бул Кулматов Кытай берген 2 млн. долларды (ошол кездеги курс боюнча 140 млн. сом) жөн эле сугунуп, анын үстүнөшаардык бюджеттен да ири суммадагы акча өөнөгөнүнөн кабар берип турат.

Кулматов 21-майда УКМКга суракка барганда “мен бажы кызматынан жетекчилигинен кеткенден кийин борбордук башкармалыктагы жетекчилик курамдын тең жарымы кызматтарын таштырды” деп көпчүлүктүн оозун ачырган. Бирок, Бажы кызматы АШАнын бул аткошчусунун калпын заматта чыгарды. Көрсө бажыдан Кулматовдон башка жетекчи азырынча алына элек экен. 6 жыл бою эрке талтаң баладай кызматтан-кызматка секирип жүрүп чексиз байлык топтогон Кулматов мыйзам алдында катаал жоопко тартылышы керек. Ал карандай калп айтып, анысы заматта ашкереленип жаткандан кийин 1 млн. долларды сугунуп алганын эч качан моюнга албайт. Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн Кулматовго окшогон “крысалардын” колун кысып туруп камакка алыш керек. Элдин каарына калган уурулар ушундай мамилеге гана татыктуу. Антпесе ар кайсы жомогун айтып тана берет.

 “УЧУР»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу